Пример HTML-страницы

Ысык-Көл районунда көлгө чөккөн эс алуучуларды куткарып калган милиция кызматкерлери сыйланды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл районунда үч милиция кызматкери адам куткарууда ыкчам аракеттерди көрүп, кызматтык жана жарандык милдетин аткаргандыгы үчүн акимчилик тарабынан сыйланды.

Аймактык кабарчы билдиргендей, аларды Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрация башчысы Калыбек Жумадылов кабыл алып, ыраазычылык кат жана чакан белек тапшырды.

Эске салсак, Чок-Тал айылындагы «Лазурный берег» эс алуу жайында 20-июль күнү саат 20:30 чамасында 2004-жылы туулган Т.Б. көлгө чөгүп жатканда милициянын прапорщиги Алымбек уулу Адыл менен кенже сержант Бактыбек уулу Сыймык өз учурунда куткаруу иштерин жүргүзүп, аман сактап калышкан.

Ошондой эле, Булан-Сөгөттү айылындагы «Costa Brava» эс алуу жайында 21-июль күнү эс алуучулардын 10 жаштагы кызын көлгө чөгүп жаткан учурда милициянын старшинасы Каныбек уулу Эдик өз учурунда байкап, куткарып калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE