Пример HTML-страницы

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери — запастагы майор Каим Исмаилов 100 жашында дүйнө салды

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 3-апрелде Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу — милициянын запастагы майору Каим Исмаилов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ардагер 3-апрель күнү Ош облусунун Араван районунун Ачы айылында акыркы сапарга узатылды. Ал 10 баланын атасы.

————————————

Исмаилов Каим Исмаилович 1923-жылдын 15-июль күнү Ош облусунун Ноокат районунун Кашкалдак айылында төрөлгөн.

1942-1946-жылдары СССРдин куралдуу күчтөрүнүн катарында Украина фронтунда фашисттик Германия менен күрөшкөн. Согуштан кайтып келгенден соң ички иштер органдарынын катарында кызмат өтөгөн.

Ички иштер органдарынын катарында 1950-жылдын май айынан тартып 1975-жылдын май айына чейин төмөндөгү кенже, орто жана улук жетекчилик курамда кызмат өтөгөн.

Кыргыз ССРнин ИИМдин Кызыл-Кыя шаардык милиция бөлүмчөсүнүн опер кызматкер-аткычы, ИИМдин №5 абагынын кызматкери, Ош шаардык милиция бөлүмчөсүнүн милиционери, милициянын участкалык тескөөчүсү, Араван райондук аткаруу комитетинин ички иштер бөлүмүнүн милициянын участкалык тескөөчүсү, Ош облустук аткаруу комитетинин ички иштер башкармалыгынын, Араван райондук күзөт бөлүмүнүн башчысы кызматтарында иштеген.

1975-жылдын май айында ички иштер органдарынан ардактуу эс алууга чыккан.

Улуу Ата Мекендик согуштагы көрсөткөн эрдиктери үчүн жогорку даражадагы ордень жана медалдарга, ошондой эле ички иштер органдарында кызмат өтөгөн убакта кызматка болгон ак ниет мамилеси, тактыгы жана үлгүлүү кызмат өтөгөндүгү үчүн Кыргыз ССРнин Ички иштер министрлигинин, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын ар кандай сыйлыктарына татыктуу болгон.

«Биз Исмаилов Каим Исмаиловичти милиция кесибинин чебери, тайманбас мүнөздүү, өзүнүн кеп-кеңешин аябаган, туура жолго жолдогон, мекенибиздин чыныгы патриот инсаны катары билебиз жана жаркын элеси кесиптештеринин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат», — деп айтылат Ош ОИИБдин билдирүүсүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE