Пример HTML-страницы

Turmush: Ургаачы менен эркек сөөлжандар тез-тез жолугуп турат,

Акыркы жанылыктар

TurmushАзатбек Молдобаев Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынын тургуну. Ал айылда жер иштеткендиктен, Калифорния сөөлжанын багып жатат.

«Биогумуска кызыгып, ютубдан машыктыруучулардын сабактарын көрүп жүрдүм. Анан жакшы үйрөнүү максатында Бишкек шаарынан көптөгөн окууларга катыштык. Ал жакта биогумус өндүрүүчү кооперативинин жетекчиси Мамазакир Каримовдун өзүнөн сабак алып, районго органикалык жер семирткичти жайылтуу максатында сөөлжанды алып келдик. Кызыккан элдерге үйрөтүп, экспорттоону максат кылып жатабыз. Бизде Ат-Башыда мал көп, малдын кыгы бекер. Ушуну элге түшүндүрүп, жайылтып жатабыз. Өзүлөрү иштетип колдонсо, кааласа иштетип сатса дагы болот», — деди ал.

Анын айтымында, 1959-жылы калифорниялыктар таза азык алуу үчүн биогумусту иштетип башташкан. Ал үчүн малдын кыгын иштеткен.

«Бир сөөлжан 1 жылда 1500-3000ге чейин көбөйө алат. Ар бир сөөлжан личинка таштоого жөндөмдүү. Алар жумасына, 10 күндө бир личинка таштап турат. Анан ургаачы менен эркек сөөлжандар тез-тез жолугуп турат. Көбөйүүсү ким кандай караса, ошого жараша болот. Мисалы, жакшы каралбай калса, личинка таштабай дагы коет.

Ат-Башыда башка суук райондордо салыштырмалуу 15-20 күн эрте түшүм берет. Түшүмдүүлүгү 2-3 эсе көп болот. Мисалы, өзүм биринчи жылы биогумусту колдонуп, картошка айдагам. Анда сабагы аз эле көтөрүлүп, картошка сыртка чыгып, күнгө күйүп, жашыл болуп кеткен. Экинчи жылы дагы ошентип күйүп калбасын деп, жерди ченеп, 40 см казып айдагам. Ошондо дагы сабагы 20 см болуп чыкты», — деди ал.

Байланыш номурун Turmush басылмасына катталуу менен ала аласыз.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE