Пример HTML-страницы

Turmush: Таласта кошумча откана курулат

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас шаарында жаңы откана курулат. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 28-март күнү «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары Талант Касымов Талас шаарына келип, мэр Аскар Шабданов жана «Талас жылуулук менен жабдуу» ишканасынын жетекчиси Ильяс Алибеков менен жолукту. Тараптар Талас шаарындагы айрым мекеме-уюмдарды көмүр менен жылытууга өткөрүү боюнча сөз кылышты. Тагыраагы №2 орто мектептин жанына откана куруу боюнча маселе каралды. Эгер откана курулуп, ишке берилсе, ага Талас шаардык мэриясы, жаш балдардын спорт мектеби, №90 кесиптик лицей, Талас мамлекеттик университетинин башкы имараты жана «Кыргызстан» коммерциялык банкынын имараттары кошулуп, түздөн-түз «Талас жылуулук» ишканасы тарабынан жылытууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мындан тышкары борбордук сейил бакка жакын жердеги эски откананын ишин кайра жандандыруу маселеси каралды. Эске салсак ал откана мурда облустук администрацияны жылытуу үчүн курулган. Азыр иштебейт. Эгер колдоого алынып, бул аймакка дагы жаңы откана курулуп калса, анда облустук администрация, музыкалык мектеп жана үй-бүлөлүк медицина борборунун имараты жылытууга кошулат. Бул боюнча бүгүн шаар бийлиги менен «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасынын жетекчилери сүйлөшүп, иш алып баруу зарылдыгына токтолушту. Жакынкы арада маселенин жыйынтыгы так белгилүү болот.

Жолугушууда калаа башчысы Аскар Шабданов жогоруда аталган аймактарга отканаларды куруу шаардагы мекемелердин жылуулук көйгөйүн чечүүгө чоң жардам боло турганын баса белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE