Пример HTML-страницы

Turmush: Силердикиндей махабат дастаны эч кимде болгон эмес дешет,

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Талас облусунун Манас районуна караштуу Бала-Саруу айылынын 24 жаштагы тургуну Алтынай Ырыскулбекова. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Мен Бала-Саруу айылында жарык дүйнөгө келгем. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин социалдык-гуманитардык илимдер факультетин аяктагам. Кесибим боюнча социалдык кызматкермин. Азыркы тапта декреттик өргүүдөмүн, бирок келечекте өзүмдүн адистигим менен иштейм деген ниетим бар», — деди ал.

Анын айтымында, жолдошу макулдугун ала албай артынан көп чуркаган.

«Жолдошум экөөбүз бир айылдан болобуз. Ал мени мектепте окуп жүргөндө, сырттан байкап жүрчү экен. Алар мектепти аяктап кеткенден кийин 2016-жылы телефон аркылуу таанышып калдык. Акырындык менен кыз-жигит болуп сүйлөшүп да жүрдүк. Бирок ал шаарда, мен айылда болуп, мамилебизди токтотуп салдым. Анан мен мектепти аяктап шаарга барганда, ал чет өлкөдө болуп калды. Кээде социалдык тармактар аркылуу сүйлөшүп калганыбыз болбосо, мамилебиз деле жок болчу. Университетти аяктарыма жарым жыл калганда Кыргызстанга келип, байланыш номурумду таап, жолугушууга чакырып жүрдү.

Мен бир нерсени сезгендей, эмнегедир андан качып эле туруп алдым. Ал болсо жашаган жериме, жумушума чейин келип алчу. Күндөрдүн биринде жаңы жылдык корпоративде жүрсөм, гүл көтөрүп достору менен барып калыптыр. Ал гүлүн да албай койгом. Азыр эстесем, өзүмө таң калам. Көңүлүм болбосо дароо эле баш тартмакмын да, балким кыз каадасын кылдым, көбүрөөк аракет кылуусун кааладым окшойт.

Жаңы жылды үй-бүлөм менен тосуу үчүн Таласка бардым. Ал 1-2 күн катары менен ата-энесин жиберип, сөйкө салууга достору менен келип, көндүрө албай кайра кетишкен. Айылда эс алып, кайра Бишкек шаарына жөнөдүм. Жеткенден кийин сүйлөшөлү деп, түнкү саат 12:00дөн таңкы саат 06:00гө чейин сүйлөшүп, менин макулдугумду алып, достору менен шаарга келип алып кетишкен. Достору “силердикиндей махабат дастаны эч кимде болгон эмес” деп айтып калышат. Менимче, ар бир баш кошкон эки жаштын ортосунда мындай кызыктар болсо керек», — деди ал.

Каарманыбыз жаңы келин болгондогу жана учурдагы жашоосу боюнча үн катты.

«Турмуш кургандан кийин “келин эрте туруш керек” деп, ойгонуп алып ашканада жүрсөм, кайнатам менен кайненем: “кызым, эмне мынча эрте туруп алдың? Уйкуңду кандырып, уктай бербейт белең” деп калышты. Мен болсо “жок, уйкум канды” деп коюп, түшкө чейин убакыт өтпөй койгон. Сыртта болсо кыш, үйдө жумуш деле жок. Ошондон кийин шашпай эле ойгонуп калгам.

Учурда 1 кыздын ата-энесибиз. Бош убактымда ырдаганды жакшы көрөм жана социалдык тармактарда өзүмдүн чакан блогумду алып барам. Ата-энебиз аябай түшүнүктүү адамдар, бардык жактан бизге колдоо көрсөтүп турушат. Бир маселе жаралса, баарыбыз чогуу акылдашып чечим чыгарабыз. Жолдошум экөөбүз келечекке пландарды көп коёбуз. Бир нечеси орундалды десем жаңылышпайм. Жакынкы жылдары үй алып, өз ишибизди баштап, саякаттарга чыгуу оюбузда бар. Буюрса, акырындан баары орундалат деп ишенем», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE