Пример HTML-страницы

Turmush: Озгур айылындагы талашка түшкөн 88 гектар жер: Соттук териштирүү жүрүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарынын Озгур айылындагы талашка түшкөн жер боюнча соттук териштирүү жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында маалым болду.

Вице-спикер Шайырбек Нуранов Озгур айылындагы жеке ишкер менен элдин талашына түшкөн 88 гектар жер боюнча суроо салды.

«Кадастр» мекемесинин Ош шаарындагы башкармалыгынын башчысы Ильяз Сансызбаев: «Ал жер шаардын жери. Үлүш жерлер каттоодон өткөн. Азыр сот иштери жүрүп жатат», — деп жооп берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE