Пример HTML-страницы

Turmush: Кыргызстандын жаратылышы: Тешик кыштоосундагы тешик тоо

Акыркы жанылыктар

TurmushТешик кыштоосу — Бишкек—Нарын жолундагы Кырк-Боз үй деп аталган аймактан Кум-Бел, Кара-Тал-Жапырык, Соң-Көлгө бурулуп кетүүчү жолдо, негизги трассадан 6 чакырым, ал эми Нарын шаарынан 55 чакырым алыстыкта жайгашкан чакан өрөөн. Ал деңиз деңгээлинен 2545 метр бийиктикте турат.

Тешик Нарын районунун карамагына кирип, Жерге-Тал, Кара-Чий айылдарынын тургундарына тийиштүү. Бул аймакта болжол менен 15тей түтүн мал багып, кыштан чыгышат. Башка кыштоолордон айырмаланып, кар аз жаайт жана салыштырмалуу жылуу келет. Өрөөндүн Тешик деп аталып калышына тоодогу ары жагы көрүнгөн чоң тешик себеп болгон.

Тешик туризм багытында кызыктуу болгон Тешик, Заңги, Бакчетин каньондорун өзүнө камтыйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE