Пример HTML-страницы

Turmush: Кочкордо карыяларга сый көрсөтүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кош-Дөбө айыл аймагында 80 жаштан ашкан карыялар сыйланды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалыматка караганда, Кош-Дөбө айыл аймагынын З.Иманалиев атындагы маданият үйүндө айыл айматагы 80 жаштан ашкан карыялар үчүн майрамдык кече уюштурулду. Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Талгар Талантбек уулу, Кош-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы Бакыт Казиев карыяларды өтүп кеткен карылар күнү менен куттуктады. Аларга айыл өкмөтү жана айылдык кеңештин атынан белектер берилди.

Карыяларга Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебинин өздүк көркөм чыгармачылык тобу жана комузчулар ийрими чакан концерт беришти. Иш-чарага Кара-Күнгөй, Кара-Саз айылындагы 80 жаштан ашкан 35 карыя чакырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE