Пример HTML-страницы

Turmush: Блок-пост, атайын техникалар, куралчан аскерлер: Ошто машыгуу башталды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарынын аймагында үч күнгө созулган «Коопсуздук-2022» аталышындагы командалык-штабдык, мобилизациялык машыгуулар башталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул машыгуулардын башкы максаты аймактагы мамлекеттик, жергиликтүү башкаруу органдарынын, күч түзүмдөрүнүн аскердик жана өзгөчө абал учурунда биргелешип кырдаалды жөнгө салуу боюнча иш аракеттерин текшерүү, аныкталган кемчиликтерди жөнгө салуу жана коомдук коопсуздукту бузган күчтөргө каршы күрөшүү даярдыгын текшерүү болуп саналат. Машыгуу аракеттери максималдуу чындыкка жакын деңгээлде өткөрүлүп, Ош шаарынын аймагында комендатуралар түзүлүп, коменданттар дайындалат.

Машыгуу учурунда анын катышуучуларына бир нече шарттуу түрдө коомдук коопсуздукту бузууга жасалган аракеттер жана алардын алдын алуу боюнча бир нече күтүсүүз атайын тапшырмалар берилет. Аларды аткаруу боюнча жергиликтүү бийлик органдарынын, күч түзүмдөрүнүн аракеттери текшерилет.

«Бул командалык-штабдык, мобилизациялык машыгууларга Ош шаарынын аймагындагы укук коргоо органдары, аскердик күчтөр жана аскердик техникалар тартылат. Машыгуунун алкагында Ош шаарынын аймагында кошумча блок-посттор, аскердик техникалар менен куралчан кызматкерлер тартылышы күтүлүүдө.

Өткөрүлүп жаткан коопсуздук иш-чарасына байланыштуу Ош шаарынын аймагында жүргөн аскердик техникалар менен куралчан укук коргоо органдарынын кызматкерлерин түшүнүү менен кабыл алууну суранабыз. Кандайдыр бир чочулоого негиз жок», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE