Пример HTML-страницы

Токтогулдук Каныкей ата-энесине каржы жагынан жардам берүү максатында Кореяга кеткенин айтат

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын тургуну Калмырза кызы Каныкей 5 жылдан бери Түштүк Кореяда эмгектенип, үй-бүлөсүнө каржы жагынан көмөк көрсөтүп келет. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маек курду.

«Мен 1990-жылы 17-ноябрда Терек-Суу айылында туулуп-өскөм. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусумун. Улуусу, сулуусу Элмира эжем. Ал эми иним Нурсултан экөөбүздүн ортобузда 11 жаш айырма бар. Өзүм 1 кыздын апасымын. Билимим жогорку, Кыргызстан эл аралык университетинин «Финансы жана кредит» факультетин аяктагам. Тилекке каршы өз кесибим менен иштеген жокмун. Окууну аяктап алган дипломум сандыкта жатат. Буюрса өз кесибим менен иштейм деген ниетим бар», — деди ал.

Каарманыбыз чет өлкөгө чыгып, иштөөсүнө эмне себеп болгондугун айтып берди.

«Эң алгач эл катары Москвага барып, мигрант катары эмгектендим. Кийин апамдын ден соолугуна байланыштуу Индияга барып келдим. Апамдын боорунун өнөкөт оорусу менен (цирроз печени) 6 жыл күрөштүк. Ошол себептен Индияга апамдын боорун алмаштырганга барганбыз. Көп суммадагы акча керектелген. 2016-жылдын сентябрь жана октябрь айларында «Апам жашасын!» деп, бардык маалымат булактарына интервью берип чыккам. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, кыргыз элиме ыраазычылыгымды ыроолоп кетейин. Бактыгул деген тайкем донор болуп, боорунун 70 пайызын берген. Бул нерсеге баруу — ар бир адамдын колунан келе бербейт. Индияга 27-декабрда кетип, мартта келдик. Операция ийгиликтүү болгон», — деди ал.

Анын айтымында, Кореяда алгач бийик имараттардын айнектерин жууп иштеген.

«2017-жылы ата-энеме жардам берүү максатында Назира аттуу эжем аркылуу Түштүк Кореяга кеттим. Анткени апамдын дарылануусу үчүн болгон мүлкүбүздү сатып, кыйналып турган учурубуз эле. Ар бир кыйынчылыктын артында сүйүнүч турат. Акырындык менен бул кризистен да чыгып кеттик. Мен убагында ата-энеме жардам бере алганым үчүн абдан сыймыктанам. Кореяга жаӊы барганда, тилден аябай кыйналдым. Бийик-бийик имараттардын айнектерин жууп иштедим. Коопсуздук эрежелери так сакталса деле, жердеги кишилер айнектерди жууп жатканыбызды көрүп, коркушарын айтышчу. Учурда Кореяда жаӊы курулган үйлөрдү жыйнап, тазалап иштейм. Башында жумуш оор болчу. Азыр көнүп калдым.

Каныкей өзү эмгектенген шаардын өзгөчөлүгүн белгилеп өттү.

«Мигранттын жашоосу алгач аябай эле кыйын болот экен. Эгер тааныш-билишиӊ болсо, кыйынчылыктар азыраак болот. Негизи аба ырайына көнүп кетишим кыйын болду. Бул жакта жүрүп, көп ийгиликтерге жетиштим. Ушундай мүмкүнчүлүк түзүп берген, ата-энеме ыраазымын. Кореянын популярдуу ырчысы PSY (Пак Чжэ Сан) ыры менен Сеулдун борборундагы заманбап аймак Каннамгуну атактуу туристтик жайга айлантты. Бул жерде асман тиреген бийик имараттар жана заманбап кийинген жашоочулары сиздин көӊүлүӊүздү өзүнө бурбай койбойт. Бош убактымда кооз жерлерге, дүкөндөргө, даамдуу тамак даярдаган жайларга барууну жактырам. Алдыга койгон ой-максаттарым өтө көп. Адам жетем деген максатына сөзсүз жетет. Болгону умтулуу керек», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE