Пример HTML-страницы

Токмоктогу жол кырсыктан 6 адам жабыркады

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Токмок шаарында жол кырсыгы катталып, 6 адам жабыркады. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

Ал эми Чүй ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, кырсык 1-сентярбь күнү саат 15:30 чамаларында болгон.

Жумгал районунун 31 жаштагы тургуну А.Р. «Хово» үлгүсүндөгү унаасын батыштан чыгышты көздөй башкарып бара жатып, алдындагы унаадан ашып өтүү үчүн кайрылып жатканда Балыкчы шаарынын тургуну К.А.нын башкаруусундагы «Ниссан Серена» унаасын артынан сол дөңгөлөгүн сүзүп алган.

Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар:

— «Ниссан Серена» унаасынын айдочусу К.А.;

— Жети-Өгүз районунда 1991-жылы туулган Ш.А. (жүргүнчү);

— Бишкек шаарынын 1977-жылы туулган тургуну Б.А. (жүргүнчү);

— Жети-Өгүз районунун 1991-жылы туулган тугуну Т.И. (жүргүнчү);

— Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 1992-жылы туулган тургуну А.Р. (жүргүнчү);

— Балыкчы шаарынын 1960-жылы туулган тургуну А.К. (аял киши, жүргүнчү).

Алар Токмок шаарынын ооруканасына кайрылышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE