Пример HTML-страницы

Токмокко жакын дачанын жашоочулары эмне үчүн өлкөгө өгөйлөнүп калган? (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Токмок шаарында жайгашкан «ОС Строитель» дачанын насосу күйүп кеткенине байланыштуу жашоочулар 3 күндөн бери таза суусуз калышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл башчы Мирлан Алтымыш уулу билдирди.

«Бүгүн эл суусуз калганына 3 күн болду. Дачада Кайрат деген жигиттин үйүнөн суу чыгат экен (каздырган кудугу бар). Тургундар ошол жигиттин үйүнөн алыстыгына карабай, өздөрүнө суу ташып жатышат. А мен айыл башчы катары карап отурбай, тийиштүү жерлерге, фонддорго кат менен кайрылдым. Жашоочулар өзүбүз дагы бир азда болсо акча каражат чогулталы деп жатабыз. Арабызда таптакыр акча бере албагандар да бар.

Биз айыл статусун албаганыбыздан улам бизди бир дагы район, айыл-шаар жетекчилери карай албайт. Ушундай көйгөйлөрүбүздү эч ким чече албай келет. Өлкөнүн өгөй баласындайбыз. Негизи 2-3 жыл мурун 200 миӊден ашуун акчага жаӊы насос алып келип орнотушкан экен. Бирок анын кубаттуулугу аз болуп, ушунча түтүнгө сууну жеткире алган жок. Акыры күйүп кетти. Бизге адистер кубаттуулугу күчтүү, 360 миӊден ашуун акча каражатында турган насос керек деп айтышты», — деди ал.

«ОС Строитель» дачасында 220 түтүн, тактап айтканда жашоочуларынын саны 1000ге чукул.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE