Пример HTML-страницы

Тажикстанга эң жакын жайгашкан кыргыз айылын кантип калыбына келтирип жатышат?

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районундагы Миң-Булак айылы Тажикстанга эң жакын жайгашкан кыргыз айылдарынын бири. Айрым жерлерде эки элдин үйүн дубал гана бөлүп турат. 16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууда айыл таланып-тонолуп, 37 үй өрттөлгөн.

Миң-Булак айылынын тургуну Мансур Азизов тажик жарандары жашаган айылдан үч мерт бери турган үйдө жашачу. 16-сентябрь күнү үйү тонолуп, өрттөлгөн. Ал ушул айылда туулуп, 30 жылдан бери жашап келет. Азимов учурда айылда кандай иштер жүрүп жаткандыгы тууралуу айтып берди.

«Үйлөр этап этабы менен курулуп жатат. Өзүм күндө усталарга жардамдашып, ушул жердемин. Мамлекетке рахмат, 200 миң сомдон берди. Үй куруп берип жатат. Сабыр кылабыз. Бир аз мөөнөтү өтүп кетсе да, бүтүрүп берсе болду. Биздин максат — үйлөрдү бүтүрүп беришсе, биз келип жашасак. Мен эң чекеде, чек арага жакын жашайм. Келечекте да ушул жерде жашагым келет. Азыр Баткенде батирде жашап жатам. Ал жакта тургум келбейт. Бизге мамлекет колдоо көрсөтүп турса, бул жерде түбөлүк жашайбыз. Бул жердеги мазарга 1997-жылы эжем, 2008-жылы атам, 2017-жылы апам көмүлгөн. Кудай кааласа, менин да сөөгүм ушул жерде калат. Мурда үйүм 308 чарчы метр болчу, эсептеп кетишкен. Чоң үй болгон. Азыркы курулуп жаткан үйгө да шүгүр. Биз ыраазыбыз», — деди Мансур Азизов.

Миң-Булак айылында курулуп жаткан үйлөрдүн долбоору, аянты бирдей. Тендерден утуп алган курулуш компаниялар ар бир күйгөн үйдүн ордуна жаңы турак жай куруп баштаган. Жергиликтүүлөрдүн айтмында, айылдагы үйлөрдүн курулушу бирдей этап менен жүрүп жатат.

Аталган айылдын тургуну Рахматилла Козуевдин да жаңыдан оңдоп-түзөөдөн өткөргөн үйү күйүп кеткен. Анын айтымында, буга чейин кыргыз-тажик чек арасыдагы чыр-чатактарда бул айылда кыйроолор болгон эмес. Бул ирет тажик тарап күтүлбөгөн жерден бастырып кирип, баарын талкалап, өрттөп, айылда үйүндө жалгыз калган майып адамды мыкаачылык менен өлтүрүп кетишкен.

«Буга чейинки чек ара жаңжалдарында мындай окуялар бизде болгон эмес. Анча-мынча атышуу болот эле, бирок үйлөрүбүз өрттөнгөн эмес. Бул ирет биздин айылда 37 үй өрттөлүп, бир айылдашыбыз каза болду. Ал таяк менен баскан майып киши эле. Бутун сындырып, мончосунда атып салышкан. Өзү чолок болчу, айылдан качкысы келген эмес. Мурункудай эле болот деп ойлогон. Менин үйүмдөн 70 метр ары тажиктер жашайт. Бул жер тынч болчу», — деди ал.

Миң-Булак айылы Тажикстандын Согди облусундагы Исфара районуна караштуу Чорку айылы менен чектеш жайгашкан. Жалпысынан бул айылда 176 үй болсо, 37 турак жай өрттөлгөн. Чектеш аймак эки тараптуу чек-ара кызматкерлеринин тыкыр көзөмөлүндө.

Баткендеги соңку кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда чектеш аймактарга жакын жайгашкан 661 турук жай өрттөлүп, жараксыз абалга келген. 11 стратегиялык объекти, 8 мектеп, 2 бала бакча аскер оор техникалары менен аткыланып, өрттөлгөн. Кыйроолордун басымдуусу Ак-Сай, Капчыгай, Максат, Арка, Интернационал айылдарда болгон.

——————————————

Чек арадагы куралдуу кол салууда 63 адам каза болду. Алардын арасында жаш балдар да бар. Жабыркагандардын жалпы саны — 206 адам. Алардын көпчүлүгү Бишкек, Ош шаарындагы ооруканаларга жеткирилди.

14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында Тажикстан тараптан ок атылып баштаган. 17-сентябрга чейин абал чыңалган деп бааланды. Тажик тарап чек ара тилкелеринде ок атышууларды токтотуу тууралуу макулдашууларга карабай, ок атууну токтоткон эмес.

Баткен облусунда 136 миң 770 адам үйлөрүн таштап, коопсуз аймактарга эвакуация болууга мажбур болушту.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап оор техникаларды — танк, «БТР», «БМП» жана минометторду колдонгонун билдирген.

«Кыргызстандын аймагына болгон куралдуу кол салууга сакалчан, кайсы бир аскердик бөлүккө таандык белгиси жок, кара түстөгү аскердик кийим кийген, сыртынан эл аралык террористтик уюмдардын мүчөсүндөй (жалданма жан кечти) көрүнгөн эркек кишилер аралашты», — деп айтылган УКМКнын маалыматында.

Тажикстан Баткен облусуна гана эмес, Ош облусуна да кол салган.

18-сентябрда гана абал турукташкан.

Куралдуу кагылышуунун кесепетинен Баткен облусунун инфратүзүмү талкаланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE