Пример HTML-страницы

Таластагы тургундун үйүнөн мылтык табылды

Акыркы жанылыктар

TurmushМанас районунда мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта Талас ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 15-февраль​ күнү укук коргоо органдарына ​Манас районуна караштуу Ачык-Таш өзөнүндө жашаган жаран ок атуучу куралды мыйзамсыз сактап жүргөнү тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Текшерүү учурунда 1963-жылы туулган М.К. үйүндө сайлуу мылтыкты жана ок-дарыларды сактап​ ​жүргөндүгү такталып, Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүмү (ок атуучу куралды (аңчылык сайсыз куралды жака анын ок-дарыларын кошпогондо), ошого тете ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыруучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз сатып алуу, берүү, сатып өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) менен ​кылмыш иш козголгон. Тинтүү жүргүзүү учурунда үйүнөн төшөктөрдүн алдынан 1960-жылы чыгарылган​ «ТОЗ» үлгүсүндөгү курал менен оптика табылган.​

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE