Пример HTML-страницы

Таластагы ишкерлер ККМга каршылык билдиришти

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 13-июнда президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков көзөмөл-кассалык машинага (ККМ) жана электрондук эсеп фактурага каршы пикирин билдирип келген ишкерлер менен жолукту. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, ага шаардык, райондук салык башкармалыктарынын жетекчилери да катышты. Ишкерлер көзөмөл-кассалык машинаны (ККМ) жана электрондук эсеп фактураны жакшы түшүнбөй жатканын айтып, мурдагыдай эле патенттик система менен иш жүргүзүү кыйла жеңил экенин белгилешти.

Облус жетекчиси жана салык башкармалыктардын башчылары ишкерлердин бир нече суроолоруна жооп берип, тийиштүү түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Жыйынтыгында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Бишкек шаарындагы көзөмөл-кассалык машинага (ККМ) жана электрондук эсеп фактурага боюнча каршы пикирин билдирип келген жарандарга берген убадасына байланыштуу тийиштүү чечим чыкканга чейин ККМ маселеси 10 күнгө артка жылдырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE