Пример HTML-страницы

Таласта мурда соттолгон адамдын үйүнөн экстремисттик уюмунун үгүт материалдары табылды

Акыркы жанылыктар

TurmushМанас районунда мыйзамсыз сакталган экстремисттик уюмдун үгүт материалдары алынды. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, Талас ОИИБдин экстремизмге мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы, УКМК кызматкерлери менен бирдикте ыкчам иш-аракеттерди алып барышууда. Анын негизинде 14-март күнү 1962-жылы туулган Е.К.нын Манас районунун Чеч-Дөбө айылындагы​ үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Тинтүү учурунда ​үйүнөн 8-даана «Ал-Ваъй», 2 даана «Исламий Шахиясы», 1 даана «Ислам түзүмү», 1 даана «Халифалык кандай кулатылган?» жана 1 даана «Исламда ижтима түзүмү» аттуу окуу ​ журналдары табылган. Аталган журналдарга соттук-линвгистикалык жана дин таануу комплекстүү экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ​ ылайык алар «Хизб-Ут-Тахрир аль Ислами» экстремисттик уюмунун үгүт материалдары деп табылды.

Аталган факты боюнча Манас РИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүмүндө (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү Е.К. Манас районунун Чеч-Дөбө айылынын тургуну, мурда соттолгон. 2015-жылдан бери «Хизб-Ут-Тахрир аль Ислами» экстремисттик уюмунун мүчөсү катары каттоодо турат. Азыркы күндө Е.К. аталган журналдарды кайсы жактан алгандыгын, эмне максатта өзүнүн үйүндө сактап жүргөндүгүн аныктоо боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE