Пример HTML-страницы

Таласта милиционерлердин арасында самбо боюнча мелдеш өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 22-март күнү Талас ОИИБдин өздүк курамынын арасында кызмат учурунда каза болгон милициянын лейтенанты Бакыт Абасбековдун жаркын элесине арналган самбо боюнча турнир өттү. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, ал 2011-жылы Талас шаардык ички иштер бөлүмүндө тергөөчү кызматында өзүнүн кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон. Турнирдин башында Куран окулду. Маркумдун ата-энеси да сөз сүйлөп, кызматкерлерди кызмат учурунда кылмышкерлер менен иштөөдө этият болууну айтып, адам өмүрү баарынан кымбат экенин белгилешти.

Турнирге облус ичинде РИИБдерден турган жалпы 8 курама команда катышты. Жыйынтыгында 1-орунду Талас ОИИБ, 2-орунду Кара-Буура РИИБ, 3-орунду күзөт кызматынын курама командасы ээледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE