Пример HTML-страницы

Таласта эң кымбат көмүрдүн 1 тоннасы 6800 сомго чейин сатылууда

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусунда Казакстандан ташылып келген көмүрдүн 1 тоннасы 6800 сомго чейин сатылууда. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облусундагы башкармалыгынын жетекчиси Нуржан Аманкулов билдирди.

«Учурда Талас облусунун аймагына Казакстандан келген көмүрдүн саны тартыш болууда. Казакстанда көмүрдү унаалар менен сыртка ташып чыгуу боюнча убактылуу чектөөлөр коюлган экен. Ошого ылайык автотранспорттук каттамдар менен чыгара албайт. Азыр көмүр «Маймак» станциясы аркылуу аз санда темир жол менен чыгып жатат. Ал жакта Шабыркүл көмүрүнүн 1 тоннасы 5000 сомдон сатылып жатат. Ага карабастан жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү Казакстандын жергиликтүү бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Бул маселе жакын арада калыбына келет деп күтүп жатабыз.

Жергиликтүү көмүр менен камсыздоо иш чаралары да жүрүп жатат. Көмүр бүгүнкү күндө дүң баада 5500 сомдон сатылып жатат. Кара-Кече, Беш-Сары көмүрлөрү чекене баада 6000 сомго чейин сатылып жатат. Ал эми Казакстандан келген көмүр чекене баада 6800 сомго чейин сатылууда» деп билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE