Пример HTML-страницы

Таласта өлүм алдында жаткан аялды алдап, кызына болгон жалгыз мурасты тартып алгандар аныкталды

TurmushТалас облустук прокуратурасынын көрсөтмөсүнүн негизинде, Талас шаардык прокуратурасы тарабынан А.О. аттуу ата-энесинен ажыраган жашы жете элек кыздын укугун коргоо максатында «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Талас шаардык филиалында текшерүү жүргүзүлүп, төмөнкүлөр аныкталды.

2023-жылдын 23-январында З.К. аттуу жаран «Кадастрдын» кызматкери менен мыйзамдырдын талабын бузуп, Ч.О.нун бейтапканада оор дарт менен жаткан жеринен пайдаланышып, белекке берүү жөнүндөгү келишимге кол койдуруп алышкан. Арадан 2 күн өтүп, Ч.О. ооруканада каза тапкан.

Натыйжада маркумдун жалгыз жашы жете элек кызын бир гана болгон мурасы — батирди З.К.га каттап, ээлеп алышкан.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, шаардык прокуратуранын келтирген прокурордук актысы менен маркум Ч.О. менен З.К.нын ортосундагы белекке берүү жөнүндөгү келишим жокко чыгарылып, жооптуу кызматкер тартиптик чарага тартылды.

Ата-энесинен ажыраган жашы жете элек баланын мураска — батирге болгон укугу толугу менен калыбына келтирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE