Пример HTML-страницы

Түптө зордукталды делген 3 кыз боюнча жаңы жагдайлар аныкталды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районунда өгөй таятасы тарабынан зордукталган кыздар ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген. Алар буга чейин Бишкек шаарындагы көзү начар көргөн балдар үчүн атайын адистешкен борбордо билим алышкан.

Бүгүнкү күндө сексуалдык зомбулукка кабылган кыздар борбор калаадан психикалык жактан атайын адистердин текшерүүсүнөн өтүп жатканын айылдаштары билдиришти.

«Негизи жеӊебиз пенсия курагында. Ал дагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү (көзү начар көрөт) чектелип, мамлекет тарабынан жөлөк пул алат. Өзүнүн 23 жаштагы кызын жана 16-13 жаштагы неберелерин зордуктоого шектелип жаткан жаран менен 2009-жылдан бери жарандык никеде жашап келе жаткан. Тестиер кыздар Бишкек шаарында атайын адистешкен борбордо билим алышып, болгону жайкы эс алуу мезгилинде таенесинин үйүнө келип турушчу. Мындай кырсык болуп кетерин айылдан эч ким билген жок. Окуя ачыкталганда милиция кызматкерлери кылмышка шектүүнү дароо алып кетишти. Бүгүнкү күндө өспүрүмдөр Бишкек шаарындагы психологдордон жардам алып, атайын текшерүүдөн өтүп жатышат», — дешет айыл тургундар.

  • Буга чейин Turmush басылмасы Түп районунда эркек киши жашы жете элек кыздарды көптөн бери зордуктап жүргөнү боюнча маалымат интернетке тараганын жазган.

Бул фактыны Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктаган.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 13-июнунда Түп райондук ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 23 жаштагы жана эки жашы жете элек кызы 2022-жылдан бери Түп районундагы айылдардын биринде таенеси менен жашап жатканын билдирген. Алар айылда жашап жүргөндө кыздардын өгөй таятасы болгон апасынын 67 жаштагы күйөөсү аларды көпкө чейин зордуктап келген.

Бул арыз Түп РИИБи тарабынан КЖБРге каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин (зордуктоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана психиатриялык экспертизалар дайындалган.

Алдын ала сурак учурунда кармалган адам жасаган кылмышы боюнча күнөөсүн мойнуна алган эмес.

14-июнда Түп райондук сотунун чечими менен шектүүгө карата тергөөнүн жүрүшүндө 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы тандалган.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында бардык зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE