Пример HTML-страницы

Түндө Ошто «Киа» унаасы кырсыкка кабылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 14-октябрга караган түнү саат 01:30 чамасында Ош шаарындагы Черемушки кичи районунда «Киа Каренс» үлгүсүндөгү унаа кырсыкка кабылды.

Күбөлөрдүн айтымында, унаа «Кыргызстан» кинотеатрынын тепкичин сүзүп токтогон. Айдоочу мас абалда болгон.

Ал эми Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызматы кырсык болгонун тастыктап, унаа менен айдоочу табыла элек экенин билдирди.

«Окуя болгон жерде белгисиз унаанын мамлекеттик номуру калып калган. Текшерүү учурунда номур «Киа» үлгүсүндөгү унаага таандык экени белгилүү болду», — деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик номур 01 саны менен башталат, тактап айтканда Бишкек шаарынын тургунуна таандык.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE