Пример HTML-страницы

Сузакта эки айылды байланыштырган жолго 14,3 млн сомго асфальт төшөлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Сузак районунда 2 км 600 метр жол оңдолуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансында турган көчө райондун Кызыл-Туу айыл аймагына караган Ак-Баш айылында жайгашкан. Анын ачылуу аземине транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Нурланбек Кайынбаев , президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов, Сузак районунун акиминин орун басары жана жергиликтүү жашоочулар катышты.

Кызыл-Туу айыл аймагынын башчысы Майсалбек Өмүрзаковдун айтымында, курулушу аягына чыккан көчө Бостон айылы менен Ак-Баш айылын байланыштырып турат. Бул жерде 400дөн ашык окуучу билим алган Кочкор Эрматов атындагы жатак мектеби, үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору жайгашкан. Ал Мундуз—Жашасын, Ак-Баш—Жаңы-Ачы унаа жолдорунун долбоорун даярдап, оңдотуу пландалып жатканын кошумчалады.

Ал эми транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Нурланбек Кайынбаев 67 чакырымга созулган унаа жолдун 50 чакырымына асфальт төшөлгөнүн, Маданият—Барпы унаа жолунун курулушу толугу менен октябрь айында аяктарын айтты.

«Бул жылы Жалал-Абад облусунда 35 жолдо курулуш иши жүрөт. Тактап айтканда, жалпы 90 чакырымдан ашык жолго асфальт төшөлөт. Азыркы тапта курулушу жүрүп жаткан Маданият—Барпы унаа жолунда 50 чакырым жолго асфальт басылды. Жолдун жалпы узундугу 67 чакырымды түзөт. Курулуш иши толугу менен октябрь айында бүтүп, пайдаланууга берилет. Аталган курулуштун биринчи графиги боюнча ушул жылдын июнь айында бүтүшү керек болчу. Бирок 2020-жылдагы пандемиянын таасиринен улам курулуш материалдардын келүүсү кечеңдеп, 6 ай кошумча убакыт бердик», — деди ал.

Мындан сырткары ал быйылкы жылы жол тармагына 7,6 млрд сом акча каражаты бөлүнүп берилгенин, анын 3 млрд сому утурумдук оңдоп-түзөөгө жумшалса, калган 4,6 млрд жаңы жолдорду курууга жумшаларын кошумчалады.

Ак-Баш айылынын тургундарына колдонууга берилген 2 км 600 чакырым жолдун курулушунун долбоору 2019-жылы даярдалып, Транспорт министрлигине берилген. 2020-жылы пандемиядан улам курулуш токтоп, 2021-жылы 1 чакырым жол 5 млн сомго курулган. Ал эми бул жылы жолдун 1 км 600 метри курулду. Анын курулушуна 9 млн 360 миң сом жумшалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE