Пример HTML-страницы

Суусамырдагы эки кошунанын окуясы

Акыркы жанылыктар

TurmushСуусамыр өрөөнүндөгү жайлоодо кошунасын ур-токмокко алган жарандын иши сотто каралды.

Айыпталуучу Нурбек (айыпталуучу, А.Н.А.) 1983-жылы Талас облусунун Талас районунда, орто билимдүү, мурда соттолбогон, үй-бүлөлүү, убактылуу эч жерде иштебейт.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренесинин (ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү) 1-бөлүгү боюнча айып тагылган.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, кылмыш ишке себеп болгон окуя 2023-жылдын 7-июнунда 22:30 чамасында Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Суусамыр өрөөнүнүн Балыкты жайлоосунда болгон. Нурбек кошунасы — 1961-жылы туулган Эрмекти (аты өзгөртүлдү, Р.Э.Т.) эч себепсиз муунутуп, андан кийин сол кабыргасына бир нече жолу буту менен тээп, жерге жыгылтып, үстүнөн баса калып муунтуп, тизеси менен ныгырып, кыйнаган.

Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, жабырлануучунун ден соолугуна анча оор эмес залал келтирилгендиги аныкталган.

Соттук отурумда Нурбек күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Анын айтымында, окуя болгон күнү саат 22:30 чамасында Балыкты жайлоосунда кошунасы Эрмек экөөнүн ортосунда жылкылардын айынан пикир келишпестик болгон. Эрмек экөө тууган, андан кечирим сурап барса, ал кечирбей койгонун көрсөтүп, кылганына өкүнүп, мыйзам чегинде карап берүүнү суранды.

Ал эми Эрмек алгач жазган тосмо арызынан баш тартты. Ал 2023-жылдын 7-июнь күнү саат 22.30 чамасында Балыкты жайлоосунда кошунасы Нурбек менен жылкылардын айынан пикир келишпестик болгонун, айыпталуучу жылкыларын карабай, ал жакка коё бергенин, башында «жылкыларыңды жакшы кара» деп эскерткенин, бирок ал кулак салбаганын, жылкыларды өзү жактан айдап койгону баратканда аны айыпталуучу жакалап, сабаганын көрсөтүп, мыйзам чегинде катуу жаза берүүнү суранды.

Жыйынтыгында Нурбек Панфилов райондук сотунун 2023-жылдын 4-августундагы өкүмү менен күнөөлүү деп табылып, 20 миң сом айып салынды.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE