Пример HTML-страницы

Сулайман-Тоонун үстүндөгү табият кубулушу жергиликтүүлөрдү таң калтырды (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushАкыркы аптада Кыргызстандын аймагында болгон жаратылыш кубулуштары тургундардын көңүлүн өзүнө бурууда.

Кечээ, 7-август күнү саат 21:00 чамасында Ош шаарында чагылган түшүп, жамгыр жаады.

Ош шаарынын тургуну чагылганды Сулайман-Тоо менен видеого тартып алганга үлгүргөн. Анда тоо жаркырап кеткенин, жаратылыштын өзгөчө кубулушун көрүүгө болот.

  • Чагылган — атмосферадагы өтө чоң учкундуу разряд болуп эсептелет. Негизинен кара булут каптап, катуу жаан жааганда көп байкалат. Бир нече жүз метрден бир нече километрлерге чейин созулуп, жаркыроо жана катуу күркүрөгөн үн менен коштолот. Жарыктын ылдамдыгы 300 000 км/с, ал эми үндүн ылдамдыгы 331 м/с болгондуктан, алгач жаркыроо көрүнүп, андан кийин үнү угулат.

Turmush басылмасы быйылкы жылы түшкөн чагылгандар боюнча маалымат топтоду.

Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагына караштуу Кызыл-Кыя айылынын тургуну чагылгандан улам каза богон.

Аймактык кабарчы билдиргендей, 19-июнь күнү саат 09:20 чамасында Ж. уулу Д. талаада чөп жыйнап жүрүп, телефон менен суйлөшуп турган убакта чагылган түшүп, көз жумган.

Жанында иштеп жаткан айылдаштары Ж. уулу Д.ны үйүнө алып келип, жансыз денесин ата-энесине тапшырышкан.

Анын артында келинчеги жана 1 кызы калган.

Ошол эле күнү Жалал-Абад облусунун Аксы районунда чагылган бир нече жолу бир жерге түшкөнү боюнча видео тараган.

2023-жылдын 11-июнунда Ысык-Көл облусунун Түп районунда асмандан чагылган түшүп, бакты экиге бөлүп кеткен.

11-июнда күн күркүрөп, Түп айылынын кире беришиндеги май куюучу жайдын жанындагы бакка асмандан чагылган түшкөн.

Натыйжада электр жарыгы өчүп, май куюу үчүн генераторду колдонууга туура келген. Эгер чагылган бактан башка жакка түшкөндө, май куюучу жайга жанаша турган 2 май куюучу бекеттери зыянга учурамак.

Чагылган түшкөндөн кийин Түп айылынын түндүк тарабындагы жашоочулары таза суусуз калышкан.

2023-жылдын 28-майында Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Шаты айылындагы Айбалиев көчөсүндө суутоптомонун жаныда жайгашкан үйгө чагылган түшүп, ичиндеги буюмдары да талкаланган.

28-майга караган түнү саат 03:00 чамасында асмандан чагылган түшүп, суутоптомонун (водозабор) жанында турган электр подстанциясы жарылып, Түп айылына таза суу келбей калган.

«Түп РЭСтин жардамы менен айылдын тургундарына суу бериле баштады. Үй жараксыз абалга кептелип, ичиндеги буюмдар талкаланган. Чагылган үйдүн жанындагы бакка да тийгенин көрүүгө болот. Кудай сактап, адамдардан эч ким жабыркаган эмес», — деген Түп айыл өкмөтүндөгү суу каналынын башчысы Максат Токтосунов.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE