Пример HTML-страницы

Сталин менен вино ичкен Анвар Куттубаеванын өмүр жолу

Акыркы жанылыктар

Turmush«Тарых инсаны» рубрикабыздын бүгүнкү каарманы «Кыргыз ССРинин эл артисти» деген наамды аялдардын ичинен эң алгачкылардан болуп алган Анвар Куттубаева тууралуу болмокчу.

Куттубаева Анвар Акматовна 1915-жылы 22-ноябрда Жети-Суу губерниясына караштуу Пишпек (азыркы Бишкек) шаарында билимдүү, чайканасы бар бай адамдын үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Акмат Кудайбергенов Кочкор өрөөнүндөгү Ак-Кудук айылынан, келдике уруусунан. Ошол урууну башкаргандыктан, «Келдике Акмат» деген наамга ээ болгон. Акмат шаардын приставына, сотко тилмеч, кызматкер болгон. 1917-жылы Керенскийдин убактылуу өкмөтүнүн тушунда Кочкор өрөөнүндө комиссар болуп турган. Совет өкмөтү орногондо «Эркин-Тоо» гезитинде котормочу болуп иштеп, Кызыл мектеп аталган айыл чарба мектебинде сабак берген. Пишпек шаарында чайкана да иштеткен.

Келдике Акматтын Абдурахим, Кожогул, Ажар, Анвар деген төрт баласы болгон. Кызы Ажар турмушка чыгып, Анвар кичинесинен өз апасынын эмес, өгөй апасынын колунда чоңоёт. Атасы жумуш менен кетип, көп учурда жок болбогондуктан, өгөй энеси Анварды урушуп, тындырбай жумшаган. Оюн, күлкүнү билбей, өзүн эң бактысыз жан эсептеп чоңойгон.

1924-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу облусунда драмалык ийримдер уюштурула баштап, талантуу жаштар, кыздарды кабыл ала баштаган. Ошол кезде тогуз жашка толгон Анварды агасы театрга спектакль көрүүгө ала барат. Бул Анвардын өмүрүндөгү алгачкы кубанычтуу окуя болгон. Кичинекей кызга спектакль катуу таасир калтырып, оюндун аягына чейин кыймылдабай көрүп отурган. Сахнада ал башка дүйнөнү көргөндөй болуп, жүрөгүнө биринчи жолу кубаныч тартууланган. Үйгө келгенде үйдөгүлөрдүн кетишин күтөт. Үйдөгүлөр бир жакка чыгып кеткенде, ал атасынын чапанын дубалдан алып, башына мех баш кийимин киет. Жаздык, сүлгү, жоолук, жууркан жана башканы колдонуп, оюндарды ойлоп чыгып, аткара баштайт. Бирде кайраттуу атчан кишинин, анан карыган чоң энесинин, андан ары өз тагдыры менен күрөшкөн сулуу кыз болуп ойнойт. Ал өз оюнан чыгарган спектаклди тездетилген темп менен аткарчу. Себеби, өгөй эне келгенче баарын жыйнап салыш керек болчу.

Атасы орус тилин билген адам болгондуктан, Анварды мектепте окуткан. Совет өкмөтүнүн алгачкы жылдарында балдар-кыздар пионерге кабыл алынуудан качып, чочулашкан. Пионерге татыктуу балдарды кабыл алып, элге үлгү катары көрсөтүшкөн. Өзгөчө кыздардын пионерге өтүшү оор болгон. Алгачкылардан болуп алгачкы агартуучу Ишеналы Арабаевдин кызы Аккагаз, тарыхчы, илимпоз Белек Солтоноевдин кызы Ниязкан, Танин кызы Мискина, кочкорлук инсан Акматтын кызы Анвар, Кошой кызы Жамийла, Түмөнбай кызы Айшакан, Суван кызы Асылкүл, тарыхчы Осмоналы Сыдык уулунун кызы Нурия, Курман кызы Рысбү деген он кызды пионерге кабыл алышкан.

Анвар он бир жашка толгон кезде өгөй энеси аны шылдыңдап, ашыкча жумшап, тапшырмаларды көп жүктөй баштаган. Оюнга убактысы жок, жабыркаган кыз өзгөрүп, түнт болуп кетет. Анвар кийим тигип, кир жууп, чопо полду майлап, кечки тамак даярдоо сыяктуу толгон-токой иштерди жасачу. Күндөрдүн биринде өгөй энеси кызды темир кычкач менен катуу сабап салат. Баланын кыйкырыгын уккан кошуналар чуркап келишип, Анварды темир кычкач менен сабап жаткан өгөй энесинен ажыратып калышат. Ал учурда кыздын атасы Акмат сүргүндө эле. Кызды ооруканага алып барышып, окуя тууралуу райкомдун аялдар бөлүмүнө билдиришет. Ошол бойдон Анвар ооруканадан ата-энесинин үйүнө келген эмес. Фрунзедеги педагогикалык техникумга окууга жиберилген. Бул жерде ал драмалык ийримге катышат. Ийрим жетекчиси кыздын жөндөмдүүлүгүн байкап, ага Касымалы Жантөшевдин «Карачач» ​​спектаклиндеги башкы ролдорду тапшырат. Спектакль биринчи театр студиясынын сахнасында көрсөтүлгөн. Анын аткарган ырлары, жеңил бийлери, сахнадагы табигый жүрүм-туруму театр жетекчилеринин көңүлүн бурган.

Анвар Куттубаева 1928-жылы жаңы ачылган драма театрынын директоруна жумушка алуу өтүнүчү менен кайрылган. Анын чыгармачылык ишмердиги ушундайча башталган.

Куттубаева ошол кездеги алгачкы кыргыз актрисаларынын бири болуп калды. Ошондон баштап кыргыз сахнасында көптөгөн эсте каларлык образдарды жарата алды. А.Островскийдин «Жок жерден табылган алтынында» Настянын ролун аткарганда, ал ролдон өз жашоосун көргөн. Өзүнүн жашоосун, көргөн кордуктарын, кайгы-капаларын эстеп, өзүнө кордук көрсөткөн өгөй энесин эстеп ыйлап жиберген. Көрүүчүлөргө оюн абдан жагып, дүркүрөтө кол чабышат. Мына ушул күндөн баштап жаш актриса оюн коюуга катуу даярдык көрө баштайт. Андан кийин Бөрүбай Кененсариевдин «Тобурчак» пьесасында Батманын ролун ишенип беришкен. Аны да чеберчилик менен аткарган. Настя менен Батманын ролдорун ойноо менен ал өзүн келечеги кең, жөндөмдүү артист катары жарыялаган.

Аткарган ролдору Анварды дароо театрдагы алдыңкы аткаруучулардын катарына көтөргөн. Анвардын кийинки чыгармачылык ийгилиги К.Жантөшевдин «Карачач» драмасындагы Карачачтын образы болгон. Актриса көрөрмандарга кыргыз кыздарынын өткөндөгү оор абалын көрсөтүүгө жетишкен.

1929-жылы атасы Акмат совет өкмөтү тарабынан куугунтукталып, кулак катары Украинага айдалып кетет. Аны менен кошо Анвардын өгөй апасы, эки агасы, эмчектеги сиңдиси айдалган.

Анвар Кыргыз мамлекеттик драма театрынын башкы режиссёру болуп иштеген Амангул Куттубаевга турмушка чыгып, анын фамилиясын алган. 1935-жылга чейин кыргыз театры жалаң драмаларды коюп келсе, ушул жылдан баштап музыкалык театр түзүлгөн. Артисттердин арасында буга чейин ырчылар, акындар, импровизаторлор бар болчу. Үндөрдү сынап көрүү, элдик музыкаларды жана ырларды грампластинкага жаздыруу үчүн көптөгөн артисттер (А.Малдыбаев, А.Боталиев, К. Эшимбеков, А. Куттубаева ж.б.) Москвага барып, бир катар концерттерди беришет. Анвар Куттубаева «Эсимде», «Пахта теребиз», «Сүйүктүүмө» жана башка элдик ырларды аткарууда жогорку чеберчиликке жетишкен. Сүйүктүү солисттин грампластинкага жазылган ырлары бүгүнкү күнгө чейин угармандардын эсинен чыга элек. Анвар роль аткаруу, ырдоо жагынан да көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө ээ болуп, башка кесиптештеринен алдыга оозуп чыккан.

Анвар Куттубаеванын концерттик жана сахналык аткаруудагы сиңирген эмгегин жогору баалап, Кыргыз ССР Жогорку Советинин президиуму ага 1937-жылы «Эмгек сиңирген артист» наамын ыйгарган. Ал бир нече жолу ардак грамоталар менен сыйлаган.

1939-жылы 26-майда СССРдин борбору Москвада кыргыз адабияты менен искусствосунун биринчи декадасы башталат. Он күндүк декадага Кыргыз Республикасынан манасчы, төкмө акын, театралдык-музыкалык топтор, акын-жазуучулар, аткаруучулар, обончулар, сүрөтчүлөр, студенттер, мектеп окуучулары барып, өз өнөрлөрүн көрсөткөн. Ага жалпысы 400дөй маданият өкүлү катышкан.

Ири иш-чара Абдылас Малдыбаев, Владимир Власов жана Владимир Ференин «Айчүрөк» операсы менен ачылып, «Ажал ордунда», «Алтын кыз» музыкалык драмасы көрүүчүлөргө сунушталган. Декаданын ар бир катышуучусуна мамлекет тарабынан 2000 рублден берилген. Ал кезде андай акча, артисттер үчүн абдан көп каражат болгон.

Оюнду көргөнү Иосиф Сталин, СССРдин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы Вячеслав Молотов, СССРдин Жогорку Советинин президиумунун төрагасы Михаил Калинин өңдүү жогорку жетекчилер келген. «Айчүрөк» операсында Анвар Куттубаева Күлчоронун сүйгөнү Калыймандын ролун чеберчилик менен аткарган. «Ажал ордуна» музыкалык драмасында Зулайканын, «Алтын кызда» Чынардын ролун аткарып, ырдап барган . Анвар Куттубаева ырдаганда Сталин ордунан тура калып кол чапкан экен.

Соңунда Кыргыз музыкалык драма театры Ленин сыйлыгын, композитор Абдылас Малдыбаев «СССРдин эл артисти» наамын алса, башка 70тен ашык маданият кызматкерлери жогорку мамлекеттик сыйлыктарга татыган. Анвар Куттубаева да 1939-жылы 7-июнда «Ленин» ордени менен сыйланган. Ал кыргыз аялдарынын ичинен эң биринчи «Ленин» орденин алган айым болгон.

Декаданын соңундагы корутунду концерттен кийинки банкетте Анвар Куттубаеваны Сталин жанына отургузган. Анвардын атасы Акмат Кудайбергенов сталиндик репрессиянын курмандыгы болуп, Украинага айдалып атылган. Атасын аттырган Сталин кызы Анвар Куттубаеваны эркелетип отуруп, аны менен шарап (вино) ичкен. Кийин Анвар Куттубаева Сталин менен жашыл шарап ичкенин, жашыл шарапты биринчи жолу көргөнүн айтып калчу дейт.

1939-жылы ага «Кыргыз ССРинин эл артисти» наамы ыйгарылат. Анвар Куттубаева Кыргыз Республикасында эң биринчи эл артисти болуп калды. Декададан кийин өнөрпоздор Крымга, Кавказга гастролдоп, искусство жаатында чоң тажрыйба алмашышкан.

Анвар Акматовна Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында чыгармачыл топту жетектеп, согуш талааларында концерт берип, жоокерлерди жеңишке шыктандырып турган. Ошол кезде маршал Константин Рокоссовский менен жылуу мамиледе болуп, согуштан кийин да кат алышып турган.

Кыскасы Анвар Куттубаева 1930-жылдан баштап Кыргыз драма театрынын сахнасында өнөрүн көрсөтүп, 1936-1946-жылдары Кыргыз опера жана балет театрында иштеген. Анын ошол жылдардагы чыгармачылыгынын негизги темасы революцияга чейинки алсыз кыргыз кызынын ачуу тагдыры болгон.

1946-жылдан тартып Кыргыз филармониясында иштеп, кыргыз ыр-бий ансамблин жетектеген. 1952-жылы кайрадан Кыргыз драма театрынын тобуна кирет. Ал башкы каармандарга жана күлкүлүү ролдорго өткөн.

Куттубаеванын алсыз, бирок назик үнү, тембринин кооздугу бар эле. Актрисанын табигый таланты анын каармандарына жагымдуулукту, лиризмди берген. Ал 36 жылдык актёрдук карьерасында жүздөн ашык ролдорду аткарган. Кыргыз театр искусствосун өнүктүрүүгө кошкон эбегейсиз салымын баалап, мамлекет «Ленин» , «Эмгек Кызыл Туу», эки жолу «Ардак белгиси» орден, медалдар менен сыйлап, бир нече жолу союздун ардак грамоталары тапшырылган.

СССРдин эл артисти, белгилүү дирижёр Асанкан Жумакматов өзүнүн автобиографиялык чыгармасында: «Анвар Куттубаеванын кыргыз театрынын өнүгүүсүнө кошкон салымы, эмгеги өз убагында бааланбай калды. Жулкунбаган, оор басырыктуу актриса өзүнө эч нерсе сурачу эмес. Сыйлык, наам алуу үчүн сахнада гана эмес, башка жактарда өзүн көрсөтүү керек экенин билчү деле эмес. Өтө сыпайы эле, бул дүйнөдөн эрте кете берди» — деп эскериптир.

Анвар Куттубаева 1977- жылдын 7-майында дүйнөдөн кайтып, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE