Пример HTML-страницы

Сокулуктагы Т.Жапаркулов чарбасындагы кочкорлорду 140 миӊ сомго чейин сатууда

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районуна караштуу Төмөнкү Чүй айылынын тургуну Токтомурат Жапаркулов 2012-жылдан бери «Арашан» породасындагы кой-кочкорлорду багып, өстүрүп келет.

Фермер 1981-жылы Өзгөн шаарында туулган. Үй-бүлөлүү, 1 кыз, 3 уулдун атасы.

«Чарбамда «Арашандан» бөлөк мал-жандык жок. Алгач 2012-жылы Беловодск айылында жашаган Нурлан деген байкеден 30 миӊ сомдон 3 кой жана 1 кочкор сатып алгам. Ошону улантып келе жатам. Ортодон мыкты делинген кочкорлорду сатып алып коштум. 2,5 жаштагы «Новый барон» аттуу кочкорду 4,5 миӊ долларга сатып алгам. Бою 1 метр, узуну 1,57 метр, салмагы 165 кг. Муну сат деп сурагандар көп. Бирок, мен бул кочкордон тукум алам деп сатпай жатам. Негизи чарбамдагы козулар 20 миӊ сомдон жогору. Ал эми чоӊ кочкорлор 65 миӊ сомдон жогору кетет. Арасынан 130-140 миӊ сомго сатылган кочкорлор да болду. Азыр чарбамда 40тай кой-кочкорлор бар» — деди ал.

Байланыш номурун Turmush басылмасына катталуу менен ала аласыз.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE