Пример HTML-страницы

Сел жүргөн Боомдогу мечит айдоочулардын көңүлүн бурууда

Акыркы жанылыктар

TurmushБоом капчыгайындагы Кыз-Күйөө айылында жүргөн селдин кесепетинен тоонун этегиндеги үйлөрдү кум-шагыл көмүп, бак-дарактар кыйрап калган. Бирок айдоочулар бир гана мечитке зыян келбегенин айтып, таң калышууда.

  • Кыз-Күйөө — темир жолчулардын айылы. Бул айылда жалпы 21 үй-бүлө жашайт. Кененирээк окуу үчүн бул шилтемени басыңыз.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, учурда жол ачыла элек. Жерине Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында нөөмөттө турган 4 куткаруучу, Балыкчы шаардык өрткө каршы куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, №32 жол тейлөө ишканасынан 2 грейдер, 2 жүктөгүч тартылып, сел суусу менен түшкөн кум-шагылды тазалоо иши жүргүзүлүүдө.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар катталган жок.

Кемин районунун акиминин орун басары Айгүл Курманалиеванын айтымында, сел алган ички чарбалык жолдор тазаланып, четинен ачылып жатат. Ал эми Кыз-Күйөө айылында селдин кесепетинен түшкөн кум-шагылдын көлөмү көп болгондуктан, тазалоо иштери жүрүп жатат.

Бүгүн, 30-июлда саат 11:00 чамасында Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 128-129-чакырымында кыска мөөнөттө нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, кокту-колоттон түшкөн кум-шагыл (көлөмү такталууда) жолду бөгөп калган.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы айдоочуларды жол ачылганча сапарга чыкпай турууга чакырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE