Пример HTML-страницы

Пробация департаментинин түштүк аймактык башкармалыгына теологдор жумушка кабыл алынды

Акыркы жанылыктар

TurmushЭкстремизм багыты боюнча пробациялык көзөмөлдүн каттоосунда турган адамдар менен иштөөгө теолог штаты ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Ош шаарында өткөн жыйында айтылды.

Пробация департаментинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймак аралык башкармалыгынын жетекчиси Уларбек Эшалиевдин айтымында, пробация органы ишмердүүлүгүн жүргүзүп келгенине 3 жылдын жүзү болду.

«Бул жылдар аралагында экстремизм жана терроризм багытында атайын жогорку билимдүү теолог адис керек экенин практика көрсөттү. Быйыл теолог штаты ачылып, сынактын негизинде теолог адиси кабыл алынып, бүгүн пробациялык көзөмөл кызматкерлерине окутуу өткөрүлүп жатат. Пробация департаментинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустар аймак аралык башкармалагыныда жалпы 127 адам каттоодо турат. Анын 101и эркек, 26сы аял кишилер. Буларга пробациялык көзөмөл мөөнөтүн сот аныктап берет. Алар менен маектешүүлөр өткөрүлөт. Кээ бири «кайттым, адаштым» деген менен көбү ошол ишенимге катуу берилип алгандар», — дейт У.Эшалиев.

Ош облусундагы жана Ош шаарындагы кызматкерлерге «Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний уюмдар», «КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты» деген темаларда жана диний терминдер, экстремизм багыты боюнча каттоодо турган адамдар менен иш алып баруу боюнча окуу өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE