Пример HTML-страницы

Президенттин жаңы жарлыгы менен Жайылда 16 мектеп директору кызматтан кетти. Алардын биринин стажы — 41 жыл

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Балта шаарындагы 6 мектеп директору ээлеген кызматынан бошотулду.

  • Буга чейин президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айрым чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин дайындоо конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча иш берүүчүлөр тарабынан 5 жылдык мөөнөткө жүзөгө ашырылат. Тактап айтканда, 5 жыл иштеген мектеп директору кызматынан четтетилет.

Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнүн буйругу менен 25-июлдан тарта Кара-Балта шаарындагы № 1,4, 5, 6, 9 жана №10 орто мектептеринин директорлору ээлеген кызматынан бошотулду. Алар:

№1 мектебинин директору Замир Балбаков;

№4 мектебинин директору Абдуазис Алыкулов;

№5 мектебинин директору Светлана Краснобородкина;

№6 мектебинин директору Елена Дебелая;

№9 мектебинин директору Людмила Хан;

№10 мектебинин директору Эмиль Бердыбаев.

Кызматынан бошогондор директорлук кызмат боюнча сынакка катыша алышат. Мындай мүмкүнчүлүктөн №1 орто мектептин мурунку директору Замир Балбаков гана баш тартты.

  • Жайыл району боюнча 16 мектеп директору ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ичинен ону сынакка катышууга арыз берген.

Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришкендей, А.Алыкулов эң көп жыл жетекчи болуп иштеген. Ал Ак-Башат айылындагы мектепти, кийин балдар-өспүрүмдөр спорт мектебин жетектеп, андан кийин №12 мектепте 25 жылдан ашык эмгектенген. Ушул кезге чейин Кара-Балта шаарындагы №4 мектебинин жетекчиси болгон. Бул агартуучунун стажы – 41 жыл (республика боюнча эң узак стаж).

Буга чейин маалымат жыйынында билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстанда көп жылдан бери жетекчилик кызматта иштеген 966 мектеп директору бар экенин билдирген.

  • Калган 1200 директор 5 жылдык мөөнөт аяктаганда ээлеген кызматынан бошотулат. Кыргызстанда 2334 мектеп бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE