Пример HTML-страницы

Погончон айымдын үрөй учурган окуялары

Акыркы жанылыктар

Turmush«Погончон айым» рубрикасынын кезектеги каарманы — Чүй районунун ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете элек балдар менен иштөө инспекциясынын участкалык инспектору, милициянын майору Нурмамбетова Марта Замирбековна. Аны менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маек курду.

«Мен 1984-жылдын 6-мартында Нарын шаарында төрөлгөм. Ал эми Нарын районунун Миң-Булак айылында балалыгым өттү. Үй-бүлөдө 5 бир тууганмын. Атам кесиби боюнча инженер болсо, апам дарыгер. Т.Байсалов атындагы орто мектебин алтын медаль менен аяктап, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын юриспруденция бөлүмүн аяктагам. 2008-жылы Чүй РИИБдин эсеп каттоо жана статистика тобунун улук инспектору болуп иштөөдөн баштагам. 2009-2011-жылдары Чүй ОИИБдин маалымат талдоо тобунун тергөөчүсү кызматында эмгектендим. 2011-2018-жылдары РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү, 2018-2020-жылдары эсеп каттоо жана статистика тобунун улук инспектору болуп иштедим», — деди ал.

Анын айтымында, милиция кесибин аркалап калышына таякеси себеп болгон.

«Кичинекей кезимде медицина кызматкери болсом деп кыялданчумун. Таякем: «Сенден мыкты тергөөчү чыгат» деп айтып, милиция кызматкери болушума үндөгөн. Ошентип таякем менин азыркы адистикке ээ болушума түздөн-түз түрткү болду. Чоӊ атам менен чоӊ энем менин чиним жогорулаган сайын абдан кубанышар эле. Учурда Чүй районунун ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете элек балдар менен иштөө инспекциясынын участкалык инспекторумун. Эң биринчи милдетим — жашы жете элек өспүрүмдөрдүн коопсуздугун сактоо жана өспүрүмдөр арасында мыйзам бузууларга жол бербөө, алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Милиция кызматкери болуп эмгектенип жатканыма абдан сыймыктанам. Бир аз болсо да өзүмдүн өлкөмдүн бейпил жашоосуна салымымды кошуп келе жатам деп ойлойм. Учурда милициянын майорумун. Ал эми жолдошум Рысбек милициянын капитаны, Чүй РИИБдин КККнын милициянын улук аймактык тескөөчүсү. Биздин 1 уул жана 2 кызыбыз бар», — деди ал.

Каарманыбыз кызмат учурундагы эсте калган окуяларынан айтып берди.

«Жумуш учурунда ар кандай окуяларга кабылам. Начар шартта жашаган үй-бүлөлөр жана ал жактагы жашы жете элек өспүрүмдөрдүн абалы мени абдан өкүндүрөт. Аларга колумдан келишинче жардам берүүгө аракет кылам.

Жаш тергөөчү болуп жаӊы эле жумушка орношкон болчумун. Тергөө тобу мал уурулук катталган жерден келе жатканда дагы бир жерде жол кырсыгы болгону кабарланды. Биз айтылган дарекке барсак, окуя болгон жерде эки жаш жигит каза болуптур. Алардын жансыз денеси таанылгыс болуп калган. Кийинчерээк ошол балдардын бирөөсү биздин РИИБдин кызматкери экени аныкталганда абдан жаман абалда болдум. Ал өзүнүн кызматтык милдетин аткарып жүрүп, жол кырсыгынан улам акка моюн сунган. Жыл сайын Чүй РИИБи тарабынан маркум кызматкердин жаркын элесине арналып, ар кандай иш-чаралар жана спорттук мелдештер өткөрүлүп турат.

Дагы бир жол кырсыгы катталган жерге тергөө тобу менен бара жатсак, алыстан элдер топтолуп турушканы жана ондон ашуун жансыз дене жатканы көрүндү. Мен аябай коркуп, жеткенче сарсанаа болуп бардым. Барсак, «Жигули» үлгүсүндөгү унаа жолдон өтүп бара жаткан койлорду сүзүп алыптыр. Көрсө койлордун өлүгү жаткан экен. Аларды өз көзүм менен көрүп, эс ала түштүм. Ошондо адам өмүрү — баарынан да кымбат экенин түшүндүм», — деди ал.

Марта Нурмамбетовага «Азамат-2», «Азамат-3», «Даткайым», «ИИМге 95 жыл» медалдары ыйгарылган. ИИМдин, Чүй ОИИБдин, Чүй РИИБдин жана башка мекемелердин ардак грамоталары менен сыйланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE