Пример HTML-страницы

Пандемиядан кийин кургак учук менен ооругандарды аныктоо кыйын болуп жатканы айтылды

Акыркы жанылыктар

TurmushКоронавирус пандемиясынан кийин кургак учук менен ооруган адамдарды аныктоо кыйын болуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Ош шаарында өткөн иш-чарада Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдуллаат Кадыров билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө бул оору боюнча абал оор болууда.

«Себеби коронавирус пандемиясынан кийин кургак учук менен ооруган адамдарды аныктоо кыйындап кетти. Бул оору кан аркылуу да өтүшү мүмкүн. Бирок 100 миңдин бирөөсү гана болушу ыктымал. Ачык түрдөгү кургак учук менен жабыркаган адамдар менен болгон байланышта аба аркылуу жугат. Айрым учурда тамак-аш аркылуу жугушу мүмкүн. Бул оору менен мал-жандыктар да оорушат. Мисалы, уйдун сүтүн кайнатпай ичкенден жугат. Бирок бул учур дагы миңден бири эле иш жүзүндө катталбаса, андайлар кээде гана болот. Негизинен ачык түрдөгү оору менен жабыркагандардан гана жугушу мүмкүн», — деди ал.

Абдуллаат Кадыров белгилегендей, учурда аймактарда диагностика боюнча эч кандай маселе жок.

«Эки саатта ДНКны, микробактерияны таба турган платформабыз бардык жерде бар. Кургак учук боюнча дары-дармектер 100 пайызга камсыз кылынган. Бизде транспортировка деп коет, ал патологиялык материал. 2017-жылдан бери Кыргызстан транспорттук системада болуп жатат. Биз анын алкагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кийинки жылкыга атайын иш-чараларды уюштурууну бекиттик. Ошонун негизинде өтө өтүшүп кетпеген абалдагы кургак учук менен жабыркаган жарандарды тез арада табуу боюнча иш-чараларды өткөрүүнү пландап жатабыз», — деди директор.

  • Буга чейин коронавирускака каршы күрөшкөн республикалык ыкчам штаб индиялык окумуштуулар оор өткөн COVID-19 кургак учуктун пайда болуу коркунучун жогорулатарын аныкташканын маалымдаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE