Пример HTML-страницы

Өзгөндүн Жаман-Адыр айылынын ички жолдоруна шагыл төгүү иштери жүрүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЖер көчкүдөн улам көчүрүлүп келинген Жаман-Адыр айылынын ички жолдоруна шагыл төгүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Талантбек уулу билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылы Өзгөн районундагы болуп өткөн өзгөчө кырдаалдан жабыр тарткан жарандарга Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы Жаман-Адыр конушунан турак жай куруу үчүн жер берилген.

Бүгүнкү күндө райондогу айыл аймактардан көчүп келип, отурукташкан жарандардын жашоо шартын жана инфраструктурасын жакшыртуу максатында жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнгөн. Аба ырайынын ыңгайлуу болушунан улам ички жолдор сүрдүрүлүп, тегизделип жана шагыл төгүү иштери кызуу жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE