Пример HTML-страницы

Оштогу «Манас-Ата» кафеси кызыл сызыкка чыгып кеткен: Прокуратура аны буздуруу сунушун берди

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаардык прокуратурасы «Манас-Ата» кафеси боюнча жарыяланган видеодон кийин текшерүү иштерин жүргүзүп, бир катар мыйзам бузуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда Ош шаардык прокуратурасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, алгачкы курулуш иштерине уруксат кагаз алуу иштери 2018-жылдын 27-апрелинен башталган. Атап айтканда 2018-жылдын 27-апрель күнү Ю.Нематов аттуу жаран Ош регионалдык шаар курулушу жана архитектура башкармалыгына Аскар Шакиров көчөсүнүн №152 дарегиндеги жер участогуна инженердик-техникалык шарттарды алуу үчүн арыз менен кайрылган. Ошол эле жылдын 18-майында инженердик-техникалык шарттары даярдалып берилген.

Андан кийин Ю.Нематов «Контингент Сервис» ЖЧКсына 2 кабаттуу менчик үйдүн долбоорун даярдатып, 2018-жылдын 10-июлунда Ош регионалдык шаар курулушу жана архитектура башкармалыгына долбоордук документти макулдашуу жана курулушка уруксат берүү үчүн деп арыз менен кайрылган. Ал эми 13-июль күнү долбоордук документти макулдашылган. Бирок аталган башкармалыктын долбоорлорду макулдашуу жана курулушка уруксат берүү бөлүмүнүн башчысы З.Темирбаев тарабынан Ю. Нематовго мыйзамсыз жана негизсиз түрдө: «Жеке менчик турак жайдын курулушу бүтүп калганына байланыштуу курулушка уруксат алуунун зарылдыгы жок. Сиз тараптан курулуштун бүтүп калгандыгы боюнча билдирүү баракчасын толтурууга жана реестерге каттоого, башкармалыктын жалпы бөлүмү аркылуу арыз менен кайрылууңуз зарыл» деген кат даярдап, ага Ош регионалдык шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын башчысынын орун басары А.Жетимишов кол койгон.

Деген менен аталган башкармалыктын башка адиси жеке турак жай болуп курулуп жаткан имарат инженердик-техникалык долбоорунда көрсөтүлгөндөй курулбай, 3 кабаттуу коомдук-социалдык багытындагы кафе-ресторан курулуп калгандыгына карабастан, адис З Темирбаев тарабынан жеке турак жай курулуп жактаны боюнча акт түзүлүп, ага Айбек Жетимишов кол койгон. Бул аракеттери меенен Жетимишов «Ош шаарынын башкы планына, шаар куруу иш-кагаздарына жана жергиликтүү бийликтин укук-ченемдик актыларын дал келип туура даярдалышына сактоого милдеттүү» деп көрсөтүлгөн кызматтык милдетин аткарган эмес. Ошондой эле «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» мыйзамдын бир нече беренелерин бузулушуна жол берген.

Бул иштерди негиз кылып Ош шаардык прокуратурасы бир катар кызмат адамдарына кылмыш ишин козгоп, ишти өкмөткө караштуу Экологиялык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын Ош шаардык башкармалыгына жиберилген.

Айбек Жетимишов менен З.Темирбаевдерге кылмыш иш козголуп, сотко өткөн. Ош шаардык сотунун 2019-жылы 12-декабрындагы токтому менен кылмыш жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулуп, иш кыскарган.

«Манас-Ата» кафе-ресторанынын кызыл сызыкка чыгып кеткени боюнча жооптуу кызматкерлерге укуктук баа берилген. Бирок аталган тамактануучу жайдын максаттуу багыты өзгөртүлбөстөн, архитектуралык уруксат иш-кагаздары жок, курулушу бүтүп, пайдаланууга берүү жөнүндө кабыл алуу актысы жок эле «Ош шаар суу канал» муниципалдык ишканасы, «Ош электро» ААКсы, Энергетика министрлигине караштуу энергетик көзөмөл боюнча кызматынын Ош шаары, Ош жана Баткен облустары боюнча региондор аралык башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери бир катар эрежелерди бузушу, эки тараптуу келишимдерди түзүшүп, пайдаланууга беришкендиги аныкталган.

Андыктан Ош шаардык прокуратурасы 30-июнь күнү «Манас-Ата» кафесинин коммуналдык кызматтарын өчүрүп, кызыл сызыкка чыгып кеткен үчүн курулушту буздуруп, алгачкы абалына келтирүү үчүн сотко доо-арыз берүү боюнча Ош шаарынын мэринин наамына, Энергетика министрлигине караштуу энергетик көзөмөл боюнча кызматынын Ош шаары, Ош жана Баткен облустары боюнча региондор аралык башкармалыгынын башчысынын наамына, «Ош электро» ААКнын башкы директорунун наамына сунуштама келтирилген.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE