Пример HTML-страницы

Оштогу ишкерлер бажы төлөмү кымбаттагандан кийинки кесепеттер тууралуу айтып беришти. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарындагы бажы төлөмдөрү менен Бишкек шаарындагы бажы төлөмдөрү эки башка. Ошто айрым буюмдарга бажы төлөмү кошулду. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрель күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында Айдоочулар ассоциациясынын мүчөсү Исабай Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, Ошто бажы тармагын монополияга айлантып алгысы келген тараптар бар. Мындан улам бир нече жүктөр бажылык тариздөөдөн өтпөй турат.

«Биздин ачык айтып кое турган маселебиз бар. Ош—Эркеч-Там багыты боюнча жүрө турган автоунаалардын көйгөйү боюнча айткым келип жатат. Бул багытта бүгүнкү күндө 1000ге чукул унаа кезекке туруп, Кытайдан чыккан жүктөрдү Ошко алып келет. Анын ичинен 800 унаа кезекте турат. Мындан сырткары Алай районунун Нура айылындагы айдоочулардын 5-6 унаасына кезек бергенбиз. Жалпылап хронологияны айтып коюуга туура келип жатат. Өткөн жылдын август айында 532, сентябрь айында 396, октябрь айында 560, ноябрь айында 1026 контейнер чыккан. Декабрь айында 1 миң 627 контейнер, январь айында 1 миң 694 контейнер, февраль айында 1 миң 158 контейнер, март айында 1 миң 522 контейнер чыккан. Азыр апрель айынын 15и болуп калды, болгону 285 гана контейнер чыкты. Бул жүктүн кесин азайып, айдоочулардын жумушсуз калганынан кабар берет. Бүгүнкү күндө Кытайдан жүк алып келген унаалардын жүгү түшпөй турат. Мамлекет бажы алымдары саясатын оңдомоюнча ушундай боло берет.

Бизде бажы тариздөө деген нерсе бар. Мурун тазалык каражаттарына 0,25 цент бажы төлөмү алынса, азыр аны 50 пайызга көбөйтүп, 0,5 цент кылып койгон. Үй тиричилик буюмдарына мурун 50 цент болсо, азыр 80 цент болуп калды. Шуруп 16 цент болсо, азыр 90 цент. Бизде ушундай кымбат болуп жаткандан кийин ишкерлер Өзбекстанга же Бишкекке барып бажы тариздөө жасашат», — деди Сулайманов.

Ал эми жеке ишкер Эмил Сулказиев көп жылдан бери Кытай өлкөсүнөн буюмдарды ташыйт. Анын айтымында, пандемия башталгандан бери көп алгоритимдер иштелип чыгып, бизнес чөйрөсүндө көп жакшы иштер болуп, күнүнө Кытайдан 120 контейнер жүк чыгып калган.

«4-апрелден баштап бажы тариздөөнүн кээ бирки тарифтеринин кымбатташына карап, жүк алуу кескин түрдө азайып, токтоп калды десек да болот. Жүктү Кыргызстан аркылуу ташуу ишкерлерге ыңгайсыз болуп калды. Мисалы, Орусияга кете турган жүктөр бар. Ошол импорттоло турган буюмдар жөнөтүлбөй калды. Буга айрым тарифтердин кымбатташы себеп болду. Анан бажы процедуралары кыйыныраак жол-жобого өтүп кеткенинен улам болуп жатат. Ошондуктан президент Садыр Жапаровдон, Минстрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдон бул маселени тез арада чечип берүүнү суранабыз», — деди Султанказиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE