Пример HTML-страницы

Ошто жетекчисин өлтүрүүгө шектелген кытайлык жаран 2 айга камакка алынды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында жетекчисин бычактаган шектүү — кытайлык жаран 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош шаардык соту 1980-жылы туулган К.П.нын баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакта калтырды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2022-жылдын 8-ноябрында саат 10:00 чамасында Ош шаарынын А.Навои кѳчѳсүндѳ жайгашкан «Пекин» мейманканасында Кытай Республикасынын жараны — 1978-жылы туулган Д.Ж. киши колдуу болуп каза болгон. Бул өзгөчө оор кылмышка шектүү катары анын жердеши — Кытай Республикасынын 1980-жылы туулган жараны К.П. кармалды. Ал өзгөчө оор кылмыш жасагандыгын мойнуна алып, кылмышка баруусуна өз ара келишпестиктер себеп болгондугун билдирди. Тактап айтканда, шектүүнүн берген көрсөтмөсүнө ылайык, маркум анын жетекчиси болуп, көп айлык кызмат акысын бербей жүргөн. Бул көрсөтмөлөр тергөө кызматы тарабынан текшерилип жатат.

Адам өлтүрүү фактысы боюнча ыкчам тергѳѳ тобу барып, кароо жүргүзүлүп, маркумга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Окуя боюнча маркумдун жана шектүүнүн жердештери, башка күбөлөр суралган.

8-ноябрда Кытай Эл Республикасынын 1980-жылы туулган жараны К.П. адам өлтүрүүгө шектүү катары кармалып, Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE