Пример HTML-страницы

Ошто Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнө тиешелүү үйдүн алдындагы дубал тосмо бузулууда

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 8-январь күнү Ош шаарында Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнө тиешелүү болгон үйдүн алдындагы дубал тосмо бузулуп жатат.

Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынан билдиришкендей, бүгүн эртең менен аталган башкармалыктын өкүлдөрү атайын техникалар менен барганда, үй ээси өз эрки менен бузмай болгон.

«Эртең менен техника менен барганбыз. Бир аз бузгандан кийин үй ээси өз каражатынын эсебинен бузуп, материалдарын алмай болду.

Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы кызыл сызыктан 9 метр чыгып кеткен деп маалымат берген. Ошонун негизинде карап көргөнбүз. Үй ээлери дубалды өздөрү буздуруп жатышат», — деп билдиришти Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE