Пример HTML-страницы

Ошто ижарага батир алууну көздөгөн 6 тургун акчасынан кол жууган. Эки жигит кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында алдамчылыкка шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, шектүүлөр, Ош шаарынын тургундары — 1997-жылы туулган Ж.А. жана 1993-жылы туулган шериги М.М. Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн аймактык тескөөчүлөрү тарабынан колго түштү. Экөө теӊ мурда соттолгон.

Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, бул кылмыштуу топ Ош шаарынын аймагынан февраль-март айларында «убактылуу жашаганга батир беребиз» деп жарандарды алдап, 6 миӊ сомдон 15 миӊ сомго чейинки акчаларын алдын ала алып, изин жашырып жүрүшкөн. Батир издеген жарандарды түрдүү жарнамалык сайттардан, гезиттерден таап, өздөрү батир сунушташкан. Алдын ала акчасын алган соӊ түрдүү даректерден ачкычты алууну айтып, качып кетишкен. Мисалы, жабырлануучулардын бири — аял кишиден 13 миӊ сом алган соӊ үйдүн ачкычын «Народный» дүкөнүндө иштеген сатуучуга берип койгондугун, ачкычты алып, үйгө кирсе болорун айтып алдашкан.

Бүгүнкү күндө бул кылмыштуу топтон жабыркаган 6 жабырлануучудан арыз түштү. Шектүүлөр 7-мартта кармалып, убактылуу кармалуучу жайга киргизилген.

Аталган шектүүлөрдөн жабыркагандар 102 жана 0554-41-02-02 телефон номурлары аркылуу байланышса болот.

  • Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 2022-жылы дагы ушундай жол менен алдаган 2 жаран кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Алар өздөрү бир айга ижарага алган батирди бир нече адамга берип, акчасын алдап алып, изин жашырган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE