Пример HTML-страницы

Ошто интернет аркылуу террордук уюмга үгүттөгөн шектүү кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында террористтик жана экстремисттик уюмга кошулууга үгүттөгөн шектүү кармалды. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылы 19-августта Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн экстремизимге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Муххамадали аттуу жаран интернет тармагынын Телеграмм баракчасында «Iklos_Org» каналын ачып, Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган «Ирак-Шам Ислам мамлекети» (Игил) террордук жана экстремисттик уюмунун катарына кошулууга активдүү үгүттөө иштерин алып барып, уюмдун материалдарын жайылтып жүргөндүгү аныкталган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодекисинин 332-беренесинин (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталган.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында шектүү катары Х.М. аттуу жаран кармалып, анын жанынан далил буюм катары уюлдук телефону алынып, анын ичиндеги фото жана видео материалдар экстремисттик мазмундагы материалдарды камтый тургандыгына шек жаратып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Диний жана лингвистикалык экспертиза кызматынын эксперттеринин берген корутундуларына ылыйык, Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган «Ирак-Шам Ислам мамлекети» (Игил) террордук жана экстремисттик уюмуна таандык материалдар жана чакырыктар бар экендиги аныкталды.

Х.М. Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө уланып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE