Пример HTML-страницы

Ошто бир учурда 3 үй өрттөндү. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 24-январда Ош шаарында бир учурда 3 өрт кырсыгы чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, саат 17:35де Ак-Тилек кичи районундагы турак үйдөн өрт чыккан. Анын кесепетинен 45 чарчы метр турак жай толугу менен күйүп кетти.

Саат 18:01де Ленин көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн кире бериши күйгөн. Бул турак жайдан 11 киши эвакуацияланды.

Бакин көчөсүндө жайгашкан турак үй саат 19:45де өрттөнүп баштаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE