Пример HTML-страницы

ОшМПУда тарыхчы Балтагул Нурунбетовдун 75 жылдыгы белгиленди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 4-ноябрда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде коомдук ишмер, илимпоз, тарых илимдеринин доктору, профессор Нурунбетов Балтагул Аттокуровичтин 75 жылдыгына арналган мааракелик салтанат жана эл аралык илимий конференция болуп өттү.

Конференция «Фергана өрөөнүнүн тарыхы азыркы изилдөөлөрдө» деп аталып, ага өлкөдөгү белдүү илимпоздор, жогорку жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, депутаттар, профессордун замандаштары, шакирттери, мугалимдер жана студенттер катышты.

Иш-чараны расмий түрдө ректор Бекмурза Зулуев ачып, Б.Нурунбетовду мааракеси менен жамааттын атынан кызуу куттуктоо менен анын ишмердүүлүгү, басып өткөн өмүр жолуна кыскача токтолду. Ошондой эле ректор бүгүн бүтүндөй адамзат коому үлгү тутар, кеменгер, даанышман инсандын юбилейи белгиленип жатканын баса белгиледи.

Салтанаттын алгачкы бөлүгү куттуктоо, сыйлык тапшыруу аземи менен коштолуп, мында профессор Накен Касиев, академик Мухаммед Мамасаидовдор баштаган сыйлуу коноктор, Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрү, ЖКнын депутаты Нуржигит Кадырбеков, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Каныбек Осмоналиев, эл мугалими Гапыр Мадаминов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, окуу жайлардын ректорлору жана ассамблея өкүлдөрү куттуктоолорун айтып өтүштү. Ошондой эле Б.Нурунбетов өзү негиздеген «Манас», «Семетей», «Сейтек» жаш өспүрүмдөр уюму профессорду куттуктоо менен уюмдун тартибине ылайык эл алдында ант беришип, жаштар маршын аткарышты.

Иш-чара пленардык жыйын менен уланып, мында профессор Каныбек Осмоналиев «Түрк дүйнөсүнүн жаңы стратегиясы» аталышында, профессор Турсунай Өмүрзакова «Фергана өрөөнүнүн тарыхы азыркы изилдөөлөрдө» деген темада өз баяндамаларын жасашты. Ал эми секциялык иштер саат 14:00дөн саат 16:00гө чейин уланып, мыкты баяндамачыларга сертификаттар тапшырылды.

Белгилей кетсек, конференция Ош мамлекеттик педагогикалык университети Кыргыз улуттук илимдер академиясынын түштүк бөлүмү, Гуманитардык жана аймактык изилдөөлөр институту менен биргеликте уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE