Пример HTML-страницы

Ош шаарында «Матиз» менен «Мерседес» кагышып, айдоочу жабыркады

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында эки унаа кагышты. Кырсык 11-мартта саат 23:35 чамасында болгонун Ош ШИИБдин милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, А.Масалиев көчөсүндө «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү автоунаа менен «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү автоунаа кагышып, анын кесепетинен эки унаага материалдык чыгым келтирилген.

Кийинчерээк Ош шаардык ооруканасынан Ош ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө кабар келген. Анда 11-март күнү Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүндө жол кырсыгы болуп, Ош шаарынын 1988-жылы туулган тургуну С.С. денесинен жараат алгандыгы маалымдалган.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө 11-мартта саат 23:20 чамасында Ош шаарынын 1988-жылы туулган тургуну С.С.нын башкаруусундагы «Дэу Матиз» унаасы Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүндө 2-катардагы жол менен түндүк багытынан түштүк багытын көздөй өз жолу менен бара жатып, түндүк багытын көздөй жүрүүчү тарапты карай бурулганда «Мерседес Бенц» унаасы менен кагышканы аныкталган. Ош шаарынын 2004-жылы туулган тургуну М.Б.нын башкаруусундагы «Мерседес Бенц» Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүндө 1-катардагы жол менен түндүк багытынан түштүк багытын көздөй бара жаткан. Анын кесепетинен С.С. денесинен жараат алып, Ош шаардык ооруканасына кайрылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE