Пример HTML-страницы

Ош шаардык милициясындагы погончон айымдарга сыйлык тапшырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаардык ички иштер башкармалыгында эмгектенген айымдарга сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 7-мартта башкармалыктын айым кызматкерлерин жана ардактуу ардагерлерди башкармалыктын жетекчилиги Аялдардын эл аралык майрамы менен куттукташты. Аларга каалоо-тилектер айтылып, коомдогу активдүү ролу дагы бир жолу баса белгиленди.

«Бүгүнкү күндүн айымдары — коомдогу активдүү күч. Канчалык чыгаан, атактуу болбосун баарын аял киши бул жарык дүйнөгө алып келип, таалим-тарбия берип, эрезеге жеткирген. Сиздер коомду алдыга жетелеген негизги күчсүздөр, дайыма арабызда бар болуп, бизге арка-жөлөк болуңуздар», — деди Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Марлис Асанов.

Андан соӊ майрам ээлерине Ички иштер министрлигинин, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын сыйлыктары салтанаттүү түрдө тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE