Пример HTML-страницы

Ош облусунда үй-жайсыз адамдар баш калкалоочу жайларга жеткирилип жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат жана Өзгөн райондорунда милиция кызматкерлери тарабынан «Селсаяк» аттуу алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара суук аба ырайына байланыштуу туруктуу жашаган жери жок жана кризистик абалга кабылган жарандарга тиешелүү шарттарды түзүү үчүн өткөрүлүүдө.

Бул жарандар үчүн облустун ар бир райондорунда убактылуу баш калкалоочу жайлар уюштурулган.

Иш-чарага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү да катышып, унаа бекеттер, соода кылуучу жайлар, жертөлөөлөр текшерилүүдө. Ал жерден табылган үй-жайсыз адамдар убактылуу баш калкалоочу жайларга жеткирилип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE