Пример HTML-страницы

Нурсултандын бүркүтү күнүнө 1 килограммдан ашык эт жейт

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылынын 24 жаштагы тургуну Нурсултан Мукаев бала кезинен куш таптап, учурда ийгиликтерди багындырып жатат. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Мен кичинекей кезимде эле куштардын бийиктикке учуп, жерге конуп тамактанып жатканын суктануу менен карайт элем. Алардай болуп адамдарда асманга учуп, жерге конушса деп ойлончумун. 7-классымда куш багып алдым. Ага тамак берип, тилин табышып дос болуп калдык. Ошентип менин мүнүшкөрлүкө болгон кызыгуум күчөдү. Кушту туура асыроо үчүн куш баккан агалардан тажрыйба алдым. Анткени бул салттуу өнөр атадан балага өтөт деп коюшат. Менин тегимде куш баккандар деле жок. Ал эми куш багуу — менин өзүмдүн кызыгуум», — деди ал.

Учурда Нурсултандын Шах аттуу бүркүтү бар.

«Шахты мен уядан алгам. Анткени мүнүшкөрлүк өнөрдө куш сатылбайт экен. Жактырып көзүң түшүп калса, ээси ал адамга белек кылып берет. Эгер бүркүттү бербесе, көз тийип өлөт же кырсыктап ооруйт дешет. Анын үстүнө бирөөдөн алган бүркүттү көндүрүү да оор. Себеби куштардын падышасы болгон бул жандык өтө акылдуу болот. Ээсинен башкага барбайт. Мүнөзү да кыйла бар. Ачуусу келгенде айбатын көрсөтөт. Ошол үчүн ар бир куш таптаган мүнүшкөр балапан кезинен тарбиялап, анын кылык-жоругун көз алдында өткөрүп чоңойтот.

Ийгилик жаратуу үчүн бул нерсенин баарын басып өтүшү керек. Учурда менин Шахым 2 жашта. Күнүгө 1 килограммдан ашык эт жейт. Алгач кыялымды орундатыш үчүн баксам, акыркы учурда сынактарга катышып жатам. Республикалык деңгээлде Баткен, Кочкордо өткөн салбуурун мелдешинде эки жолу 3-орунду алдым. Жакында эле Бөкөнбаев айылында өткөн мелдеште 2-орунду багындырдык. Биз жаратчу ийгиликтер дагы алдыда деп ойлойм», — деди мүнүшкөр.

Анын айтымында, бүркүтү үй-бүлөсүнүн бир мүчөсү.

«Үй-бүлөдө 3 бир тууганмын. Ата-энем жана бир туугандарым менин кызыгуумду колдошот. Бошобой же алыска кетип калсам Шахка тамак, суусун берип турушат. Ал биздин үй-бүлөнүн бир мүчөсү. Ата-энем да биздин кичүү балабыз деп эркелетип калышат», — деди Нурсултан Мукаев.

Ысык-Көл облусунда жайкы туристтик мезгилде бүркүт менен бизнес кылгандар да бар.

«Азырынча расмий эле иш-чараларга катышып жатабыз. Анткени мен талаачылык жана мал менен эле алектенем. Жай мезгилинде мүнүшкөрлөр көл жээкке жана туристтик эс алуу жайларына барып иштешет. Чет жерден келген эс алуучулар бүркүт менен эстеликке сүрөткө түшүшөт. Анын акысын ар ким ар кандай коёт экен. Айрым учурда туристтер ыраазычылык иретинде да акча берип кетишет. Бул кичинекей бизнес менен катар чет элдиктерге биздин баалуулуктарды да көрсөтүү болуп эсептелет», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE