Пример HTML-страницы

Ноокаттык ишкер 3 баш тоо теке аткандыгы үчүн 100 миң сом төлөөгө милдеттендирилген

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунда тоо текелерди атып, унаасына жүктөп бараткан жеке ишкер кармалган. Анын видеосу социалдык тармактарга тараган.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, милицияга 2022-жылдын 28-декабрь күнү Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош—Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынан кайрылып, Ноокат районунун тургуну Баткен облусунун Кадамжай районунун Бел-Алма участогунда мыйзамсыз аңчылык кылып, 3 баш тоо теке атылгандыгы маалымдалган.

Алгачкы териштирүү иштеринин жүрүшүндө Ноокат районунун 50 жаштагы тургуну Ш.А. өзүнө таандык болгон ок атуучу куралы менен 3 баш тоо текени мыйзамсыз атып, аларды автоунаасына жүктөп бараткан жеринен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош—Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалгандыгы аныкталган.

Аталган факт 2022-жылдын 28-декабрь күнү тартылып алынган видеонун негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кылмыш-жаза кодексинин 308-беренеси (жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу) менен аталган тургунга жалпы 100 миң сом айып пул каралган.

Ал эми айып пулду тургундан өндүрүү жагы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош—Жалал-Абад регионалдык башкармалыгына милдеттендирилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE