Пример HTML-страницы

Ноокатта турак үй толугу менен өрттөнүп кетти

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 10-ноябрда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Мирмахмудов айыл аймагынын Барын айылында өрт кырсыгы катталды.

Turmush басылмасынын кабарчысы тактаган маалымат боюнча, турак үй толугу менен өрттөнүп кеткен. Өрт электр мешинен чыккан. Күйүп кеткен үйгө жаңы келин келгенине 1 аптадай болгон. Өрт келиндин бөлмөсүнөн тутанган.

Ал эми өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн маалыматы боюнча, өрттү өчүрүүгө саат 13:40та 2 бөлүм тартылып, саат 14:56да толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен жыгач устундуу шифер менен жабылган 2 кабаттуу турак үйдүн 3 бөлмөсүнүн 67 чарчы метри жана үй эмеректери толугу менен күйүп кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE