Пример HTML-страницы

Нарындагы шырдак фестивалына 7 облустун кол өнөрчүлөрү чогулду

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын шаарында эл аралык «Кыргыз шырдагы-XIII» фестивалы башталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чара жети облустан келген көл өнөрчүлөрдүн катышуусундагы парад менен башталды. Фестивалды президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов ачты.

Андан кийин улуттук саркеч кийимдердин көргөзмөсү ачылып, кийизден жасалган буюмдар коюлду. Мындан сырткары фестивалдын алкагында улуттук ат оюндары, тамак-аштардын көргөзмөсү өтөт.

Ал эми кол өнөрчүлөр өрмөк согуу, кийиз жасоо, ийик ийрүү боюнча мастер-класс көрсөтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE