Пример HTML-страницы

Нарында тергөөчүнүн терезесинен ыргытылган эчкилердин акчасын кимдер алып келишкен? Окуянын-чоо жайы

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын шаардык соту пара алууга айыпталган Нарын РИИБдин башчысынын сотко чейинки тергөө иштери боюнча орун басары жана тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн кылмыш ишин карап, 2023-жылдын 8-июнунда өкүм кабыл алды.

  • Буга чейин УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, 2023-жылдын 21-февралында опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМК кызматкерлери жана Нарын ОИИБдин ички иликтөө кызматкерлери тарабынан 20 000 сом өлчөмүндө акча каражатын алуу учурунда орун басар Т.у.К. менен тергөөчү Б.А.М. кармалган.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, 2023-жылдын 26-январында Нарын районунун тургундары А.С., О.О. жана К.А. сайсыз ок атуучу куралдары жана октору менен мыйзамсыз аӊчылык кылып жүргөн жеринен кармалып, бир баш өрдөк жана бир баш кыргоол атышкандыгы аныкталган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 1-бөлүмү (жылмакай ок атуучу куралды сактоо) менен кылмыш иши козголгон. Бирок, 2023-жылдын 26-январында тергөөчү Бактыяр (аты өзгөртүлдү, Б.А.М.) аталган жарандарды суракка алып, андан соӊ жабырлануучу К.А.га тиешелүү автоунааны камакка алам деп коркутуп, 5 000 сом акчаны опузалап талап кылган. Бул акчаны Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын сотко чейинки тергөө иштери боюнча орун басары Тилекке (аты өзгөртүлдү, Т.у.К.) берем деп билдирген. 2023-жылдын 30-январында жабырлануучулар А.С., О.О. менен К.А. Бактыярга 5 000 сомдун 3 000 сомун алып келип беришкен.

2023-жылдын 3-февралында Тилек экспертизалардын корутундуларына таянып: «50 000 сом алып келесиӊер. Болбосо тергөө учурунда баарынарды камап коем. Жумуштан да бошотуп салам» деп ортомчу аркылуу пара талап кылган. Жыйынтыгында Бактыяр менен Тилек 20 000 сом акча каражатына токтолуп, 2023-жылдын 6-февралына чейин аталган акча каражатын таап берүүнү талап кылышкан.

Мындан улам жабырлануучулар А.С., О.О. жана К.А. аргасыздан УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгына кайрылышкан.

Жабырлануучу К.А. 2023-жылдын 21-февралында болжол менен саат 18.30 чамасында тергөөчү Бактыярга 20 000 сом акча каражатын алып келгендигин айткан. Айыпталуучунун кызматтык бөлмөсүндөгү столдун үстүнө аталган акчаны койгон учурда Бактыяр кагаз менен жаап койгон.

Андан кийин Бактыяр УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери анын иш бөлмөсүнө келе жатышканын угуп, пара катары талап кылынган 20 000 сом акча каражатын терезеден ыргытып жиберүүгө үлгүргөн.

Тергөөчү Бактыяр кармалгандан кийин короосуна тинтүү жүргүзүлүп, иш бөлмөнүн терезесинин алдында алдын ала белги коюлган 20 000 сом акча каражаты табылган. Аталган акча каражаттарын мурда алынган көчүрмөлөр менен салыштырганда сериялык сандар толугу менен дал келген.

Тилек Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 2-бөлүмү (кылмыш жасоону уюштурган же кылмыштын аткарылышына жетекчилик кылган адам, ага тете уюшкан топту же кылмыштуу коомдоштукту түзгөн, же болбосо аны жетектеген адам уюштуруучу деп таанылат), 343-беренесинин 1-бөлүмү (опузалап пара алуу) менен, ал эми Бактыяр Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (опузалап пара алуу), 342-беренесинин 1-бөлүмү (пара алуу) менен айыпталып, кылмыш иши сотко берилген.

Соттук отурумда жабырлануучу О.О.нун айтымында, айыпталуучулар башында 50 000 сом талап кылышкан. Андай акча жок экенин дароо айтышканда, 30 000 сомго түшүрүшкөн. Бул акчаны табыш үчүн эчкилерин саткан. Тергөөчү кармалган күнү 20 000 сом акчаны столдун үстүнө коюшканда, Бактыяр аны ак кагаз менен жаап койгон. Андан кийин аны УКМКнын кызматкерлери келип, кармап кетишкен.

Соттук отурумда жабырлануучу А.С. 2023-жылдын 26-январында айыпталуучулар автоунааны чыгарып кетүү үчүн 5 500 сом талап кылышкан. Эртеси 3 000 сом алып келип беришкен.

Соттук отурумда жабырлануучу К.А. дагы ушундай эле көрсөтмө берип, үчөө тең айыпталуучуларга карата мыйзам чегинде жаза берүүнү суранышты.

Соттук отурумда, айыпталуучу Тилек күнөөнү мойнуна албай, актап берүүнү сурады. Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын 267-беренесинде ок атуучу курал боюнча 50 000 сом айып салынат деп көрсөтүлгөн. «Соттон 50 000 сом төлөп каласыӊар» деген сөз болгон. Эч кандай коркутуу болгон эмес.

Соттук отурумда айыпталуучу Батыяр күнөөнү мойнуна албай, актап берүүнү сурады. Анын айтымында, жабырлануучулар кыргоол, өрдөк атышкандыгы боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлгөн. Алар сурак берип кеткенден кийин 15-20 күндөй бошобой калган. Кийин ишти кыскарткан. Эч кандай акча талап кылуу болгон эмес.

Соттук отурумда айыпталуучулардын жактоочулары алардын күнөөлөрү далилденбегендигин билдирип, актоо өкүмүн чыгарып берүүнү суранышты.

Соттук отурумда мамлекеттик айыптоочу А.Б. тергөө тарабынан айыпталуучулардын күнөөсү толук далилденгендигин көрсөтүп, айыпталуучу Тилекке 1 000 000 сом айып пул салууну, ал эми айыпталуучу Бактыярга 1 200 000 айып пул салууну суранды.

Жыйынтыгында айыпталуучу Тилек Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 2-бөлүгү, 343-беренесинин 1-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, 20 000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө (2 000 000 сом) айып пул салынды.

Кылмыш-жаза кодексинин 80-беренесинин 7-бөлүгүнүн талаптарына ылайык, айыпталуучу Тилекке дайындалган 20 000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү айып пул 2 000 эсептик көрсөткүч өлчөмүнө (200 000 сом) азайтылды.

Бактыяр Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылып, 10 000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө (1 000 000 сом), Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылып, 10 000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө (1 000 000 сом) айып пул салынды.

Кылмыш-жаза кодексинин 77-беренесинин 2-бөлүмү боюнча жазаларды жарым-жартылай кошуу жолу менен биротоло 12 000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө (1 200 000 сом) айып пул салынды.

Кылмыш-жаза кодексинин 80-беренесинин 7-бөлүгүнүн талаптарына ылайык, айыпталуучу Бактыярга дайындалган 12 000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү айып пул 1 000 эсептик көрсөткүч өлчөмүнө (1 00 000 сом) азайтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE