Пример HTML-страницы

Нарында Нооруз майрамына карата сүмөлөк таратылып, көчөттөр отургузулду

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 21-мартта Нарын шаарында Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтта Нооруз майрамына карата өткөн салтанаттуу иш-чара менен бирге көчөттөр отургузулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, дубан башчысы Сабыркул Ашимбаев, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нуридин Мадимаров баштаган бир катар ишкана-мекеме өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты. Анда куттуктоо сөздөрү айтылып, сүмөлөк таратылып, маданият кызматкерлери тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

Майрамдык иш-чара жыйынтыкталган соң министр баштаган жетекчилер шаардын борбордук бөлүгүнө, Ленин көчөсүнүн боюна арчанын көчөттөрүн отургузууга катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE