Пример HTML-страницы

Нарында дайынсыз жоголгон 80 жаштагы аксакалды издеп жатышат

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын шаарында 29-июнда үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон 80 жаштагы адамды издөө иштери улантылып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, анын кийимдери Нарын дарыясынын жээгинен табылган. Аксакалды издөө иштерине 16 куткаруучу жана туугандарынан 4 адам тартылды. Алар 4 топко бөлүнүп, Нарын шаарынын батыш тарабындагы аймактарда издеп жатышат. Тактап айтканда 1-топ туугандарынан түзүлгөн Нарын шаарынан Ак-Кыя белине чейин, куткаруучулардын 2-тобу Ак-Кыя белинен Жан-Булак айылынын тушуна чейин, куткаруучулардын 3-тобу Жан-Булак айылынан Ак-Талаа айылынын Хутор аймагына чейин, куткаруучулардын 4-тобу Эмгек-Талаа айылынан Ак-Тал-Чат участкасына чейин издешүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE